География:ДОҢУЗТОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:26, 23 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОҢУЗТОО – Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш тармагы. Доңузсуу ж-а Зындансуу сууларынын (Жазынын оң куймалары) аралыгында. Түн.- чыгыштан түш.-батышка 28 кмге созулат. Туурасы 6 км. Орт. бийикт. 2100–2200 м, эң бийик жери 2354 м. Кыры тайпак, түш.- батышты карай жапыздайт. Капталдары жантайыңкы. Бийик түн.чыгыш бөлүгү юра мезгилинин алевролит, конгломерат, гравелит, аргиллит, жапыз түш.батыш бөлүгү бор ж-а палеоген мезгилдеринин кызыл түстүү конгломерат, кумдук, чопо, мергель тектеринен түзүлгөн. Көмүр кендери бар. Талаа (1500–1600 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа м-н шалбаалуу жаңгак токой массивдери басымдуу. Жайыт; токойлуу, чабынды жерлери бар.