География:ЫСЫКАТА КУРОРТУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЫСЫКАТА КУРОРТУ – Ысыката р-нундагы климаттык-бальнеол . курорт. Бишкек ш-нан 77 км түш .-чыгыш тарапта, Кант т . ж . бекетинен 50 км аралыкта. Кыргыз Алатоосунун түн . капталындагы Ысыката капчыгайында, деңиз деңг. 1775 м бийиктикте жайгашкан. Жерг . эл аны «Арашан» деп аташат. Мындагы минералдуу суулардын дарылык касиети илгертен эле жерг . элге белгилүү болгон. Суунун хим . анализи алгачкы жолу 1880-ж . жүргүзүлгөн. Алгачкы курулуштар 1891-ж. Орусиянын «Кызыл Крест» коому тарабынан курулган. Курорт терең капчыгай ичинде жайгашкандыктан аба ырайында кескин өзгөрүүлөр болбойт. Курорттун табияты кооз; суу жээгинде чычырканак, бөрү карагат, итмурун ж . б . бадалдар, аска-зоокалуу тоо капталдарында субальп шалбаасы, жыш өскөн кызыл-тазыл гүлдөр, арча токою бар. Климаты мелүүн континенттик. Кышы жылуу, январдын орт . темп-расы –5,5°С. Жайы салкын, июлдуку 16°С. Күзү кургакчыл, күнөстүү. Жылдык жаан-чачыны 500 мм. Жылдык орт . салыштырмалуу нымдуулугу 53%. Жылдык күн тийүү узактыгы 2200 с. Курорттун негизги табигый фактору – минералдуу ысык суулары (к. Ысыката минералдуу суусу). О . эле Чүй өрөөнүндөгү Камышановка баткак кенинен ж-а Ысыккөлдөн ташылып келинген дары баткак пайдаланылат. Бальнеол .-терапия ж-а баткак м-н дарылоодон сырткары физиотерапия, дарылоочу физкультура, укалоо ж . б . жүргүзүлөт. Курортто нерв системасы, кыймыл-таяныч органдары, гинекологиялык ж-а урологиялык оорулар м-н жабыркагандар дарыланат. Жылына 7 миңдей киши дарыланат. Поликлиника, сууга киринүү ж-а баткак м-н дарылануу корпусу, кышында жашылча өстүрүлүүчү жылытылма жай, минералдуу суу ичүү үчүн бювет ж . б . бар. Т ерренкур маршруттары белгиленген. Чүй өрөөнүнө (Буранага), курорттун айланасындагы арчалуу токойго, шаркыратмага экскурсия уюштурулуп турат. Курорт 450 орундуу.