География:БЕШБЕЛЧИР–АРАШАН
БЕШБЕЛЧИР–АРАШАН – Нарын облусунун Атбашы р-нундагы бальнеол . курортко ылайыктуу аймак. Дарыланууга жарамдуу минералдуу булактары бар. Нарын шнан 90 км. Атбашы кыш-нан 60 км түш.чыгыш тарапта. Атбашы кырка тоосунун түш .-чыгыш капталындагы Арашан өзөнүнүн боюнда, деңиз деңг. 3300 м бийиктикте. Мында бири-биринен 30 км аралыкта жайгашкан эки кайнар булак бар. Климаты континенттик. Кышы суук, январдын орт . темп-расы –22°С; жайы салкын, июлдуку 9°С. Жылдык орт . салыштырмалуу нымдуулугу 70%тей. Жылдык жаан-чачыны 260 мм. Дарылоочу негизги табигый фактору – көмүр кычкыл газдуу (СО2 –0,44–1,3 г/л), гидрокарбонатнатрий-кальцийлүү суу (минералдануусу 3,5 г/л, темп-расы 20°С); суткалык дебити 436 м3. Сууну ичүүгө ж-а ичеги-карын, бөйрөк ооруларын дарылоого болот.