География:АЛАМҮДҮН КУРОРТ ЗОНАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 24 ноябрь 2026 карата disc_geo>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЛАМҮДҮН КУРОРТ ЗОНАСЫ – Аламүдүн р-нундагы бальнеол . климаттык курортко ылайыктуу аймак. Бишкек ш-нан 25 км түш . тарапта. Кыргыз Алатоосунун түн . этегинде, Аламүдүн суусунун өрөөнүндө, деңиз деңг. 1900 м бийикти кте жа йга шка н. Кли маты м елү үн континенттик; январдын орт . темп-расы –7°С, июлдуку 16°С. Жылдык жаан-чачыны 500 ммдей. Жылдык орт . салыштырмалуу нымдуулугу 56%. Күн тийүү узактыгы жылына 1800 саат. Жайында көбүнчө тоо-өрөөн шамалы согот. Жагымдуу климатынан сырткары минералдуу ысык булактар (к. Аламүдүн минералдуу суусу) бар. Ден соолукту чыңдоочу 8 мекеме (2000 орундуу) иштейт. Аламүдүндүн ысык суусунун негизинде 1986-жылдан «Теплые ключи» деген 150 орундуу санаторий-профилакторий иштейт. Минералдык суу ресурсуна ылайык санаторийди келечекте 500 орунга чейин жеткирсе болот.