МАМБЕГАКУНОВ Молдосейит
МАМБЕГАКУНОВ Молдосейит [5. 11. 1952-жылы туулган, Тянь-Шань (азыркы Нарын) облусу, Ат-Башы району, Кошой айылы] - режиссёр, доцент (2009), профессор (2011), Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1993), Кыргыз Республикасынын эл артисти (2002).

Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн (1977). Кыргыз телерадио комитетинде режиссёрдун ассистенти (1977-1978), режиссёр (1978-1980), башкы режиссёр (1980-1990), программа боюнча директор (1990-1991), Чүй облусунда Телерадиокомпаниянын төрагасы (1991-1996), Кыргыз телерадиодо биринчи вице-президент (1996-2001, 2002-2005), президент (2001-2002), Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда окутуучу (2000-2005), бөлүм башчы, профессор (2006-2008), проректор (2008-2009), М. Кашгари атындагы Чыгыш университетинин окутуучусу, профессор (2003-2006), Евразия телеакадемиясынын жана Кыргыз кино академиясынын академиги (2004-жылдан), «Казына» радиосунун режиссёру (2005-2007), Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде окутуучу (2007-2008), доцент (2008-2010), кафедра башчысы (2010-2011), профессор (2011-жылдан).
«Көч» даректүү фильми үчүн ЭКФтерде Гран-прини (2011, Казан; Ката, 2012), Кыргызстанда «Ак илбирс» кинофестивалында баш байгени (2012) жеңип алган. Бир нече медаль менен сыйланган.