МАДЕМИЛОВА Гүлбүбү

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:24, 20 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera «МАДЕМИЛОВА» барагын «МАДЕМИЛОВА Гүлбүбү» деп кайра атады) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАДЕМИЛОВА Гүлбүбү (Эркин) (20. 2. 1929-жылы туулган, Фрунзе - 27. 7. 2018, Бишкек) - бийчи, балетмейстер. Кыргыз ССРинин эл артисти (1979), Кыргыз ССРинин искусст­вого эмгек сиңирген ишмери (1963). 12 жашында Ле­нинград хореографиялык окуу жа­йына кабыл алынып, со­гушка байланыштуу окуу­сун М. Күрөңкөев атындагы музыкалык хореографиялык окуу жайында уланткан.

МАДЕМИЛОВА Гүлбүбү

1947-жылы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет теат­рынын балет труппасына кабыл алынган. М. Одетта­Одилия (П. Чайковский, «Ак куу көлү»), Зарема (Б. Асафьев, «Бахчысарай фонтаны»), Анар (В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере, «Анар»), Айдай (М. Раухвергер, «Чол­пон»), Раймонда (А. Глазунов, «Раймонда»), Флорида (К. Делиб, «Коппелия») жана башка ролдор­ду аткарган. 1958-жылы Москвадагы Луначарский атындагы театр институтун бүтүрүп, балетмейстер-репети­тор. 1970-1972-жылдары Моңголияда балетмейстер, 1974-1976-жылдары Вьетнамда балетмейстер-педагог, 1977-1987-жылдары Кыргыз мамлекеттик филармониянын ал­дындагы бий ансамблинин («Акмарал») көркөм жетекчиси жана башкы балетмейстери болуп иштеген.

Кыргыз опера жана балет театрында 1958-жылы Кара Караевдин «Чагылгандын изи ме­нен», 1962-жылдан Й. Штраустун «Чоң вальс», А. С. Аренскийдин «Египет түнү», П. И. Чайков­скийдин «Франческа да Римини» балеттерин, Н. А. Римский-Корсаковдун «Испан каприччи­осу» миниатюрасын койгон. «Акмарал» бий ан­самбли менен Бельгия, Франция, Дания, Швеция, Мозамбикте жана КМШ өлкөлөрүндө гастролдо болгон. «Ардак белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Г. Мадемилова - Тао-Зоа, Р. Глиэр, «Кызгалдак».
Shape 1177