ЛЕЩЕНКО Лев Валерианович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:19, 19 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera «ЛЁЩЕНКО» барагын «ЛЕЩЕНКО Лев Валерианович» деп кайра атады) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЕЩЕНКО Лев Валерианович (1. 2. 1942-жылы туулган, Москва) - орус совет эстрада ырчысы (бас-бари­тон), Россия Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасынын (РСФСР) эл артисти (1983). 1969-жылы Театр искусствосунун мамлекеттик институтун (ГИТИС) бүткөн. 1970-жылдан Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун мамлекеттик телерадиосунда солист. Бүткүл союздук эстрада артисттеринин лауреаты (1970), Сопоттогу эл аралык ыр фести­валынын 1-сыйлыгын алган (Польша, 1972). Д. Ф. Тухмановдун (сөзү В. Г. Харитоновдуку) Жеңиш күнүнүн эмблемасы болуп калган. «Жеңиш күнү» (1975) ырын биринчи аткарган.

Лев Валерианович Лещенко

1980- 1989-жылдары «Росконцерттин» солисти. 1987-1990-жылдары Гне­синдер атындагы мамлекеттик музыкалык-педагогикалык институтунда вокал бө­лүмүндө сабак берген. Репертуарында элдик жана эстрада ырлары, романстар бар. Л. Лещенконун ат­каруусундагы В. Г. Добрыниндин «Жер жүзүндө сүйүү жашайт» (сөзү Л. П. Дербенёвдуку), Ю. С. Саульскийдин «Татьянанын күнү» (сөзү Н. М. Олевдики), В. Я. Шаинскийдин «Ыйлаба селки» (сөзү В. Г. Харитоновдуку), Д. Ф. Тух­мановдун «Булбулдуу токой» (сөзү А. Г. Попереч­ныйдыкы) жана башка ырлар элге кеңири белгилүү. 1990-жылы мамлекеттик эстрада театрын уюштурган.