ЛЕВИТАН Юрий Борисович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:33, 19 ноябрь 2026 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera «ЛЕВИТАН» барагын «ЛЕВИТАН Юрий Борисович» деп кайра атады) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Левитан Юрий Борисович

ЛЕВИТАН Юрий Борисович [19. 9 (2. 10). 1914, Владимир - 4. 8. 1983, Москва] - диктор. СССР эл артисти (1980). Эмгек жолун 1931-жылы 17 жашы­нан баштап, өмүрүнүн аягына чейин Москвада­гы Бүткүл союздук радионун диктору болуп эм­гектенген. Ал добушунун уккулуктуу тембри менен өзгөчөлөнгөн. 50 жыл ичинде саясий, рас­мий маалыматты, айрыкча Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Совинформбюронун маалымат жыйнактарын, андагы оор, кайгылуу кабарлар­ды зор чеберчиликте элдин жан дүйнөсүнө жет­кире окуган. 0шондой эле бир нече фильмдерге үн кош­тогон.