НИКЕЛИН
НИКЕЛИН, кызыл түстүү никель колчеданыминерал, никелдин арсениди, химиялык курамы NiAs. Кошунду, киринди түрдө Co, Fe, Sb кездешет. Металл сыяктанып жылтырайт. Ачык, жездей кызгылт түстө. Гексатональ системасында кристаллданат. Катуулугу 5. Никель, кобальт арсениддери, нукура висмут түрүндө кварц-карбонаттуу гидротерм кенташ тарамдарында күмүш менен бирге кездешет. Кендери Кемеров обл-нда, Тувада, Германияда, АКШда, Канадада белгилүү.