НИКАРАГУАЛЫКТАР
НИКАРАГУАЛЫКТАР (өздөрүн никарагуэнсес деп аташат) - эл, Никарагуанын негизги калкы. Ошондой эле Коста-Рика, АКШ, Панама ж. б. америкалык өлкөлөрдө да жашашат. Жалпы саны 7 миллион киши, анын ичинде 5,8 млну Никарагуада (2012). Н-дын 85-90% и индей-европалык-африкалык аргындар, калгандары келгин испандардын тукумдары (креолдор). Испан тилинде сүйлөшөт, Никарагуанын чыгыш бөлүгүндө англис тили тараган. Н-дын көпчүлүгү - католиктер, англис тилдүү тургундар - протестанттар. Никарагуа аймагын европалыктар келгенге чейин макрочибча индей уруулары мекендеген. 16-к-дын 1-
жарымынан Никарагуага испан колониячылары келип, колониялай баштаган. 17-18-к-да плантацияларда иштөө үчүн өлкөгө африкалык кулдар алынып келинген. 18-19-к-да Никарагуада жашагандардын аргындашуу процесси башталган. Негрлер жана өлкөнүн чыгыш бөлүгүндөгү индейлер Н. менен ассимиляциялашкан. Н-дын көпчүлүгү - дыйкандар жана плантация жумушчулары. Айыл жамааты маанилүү роль ойнойт. Материалдык маданияты мексикалыктардын маданиятына жакын. Салттуу тамак-ашы - накатамаль (жүгөрү унунан даярдалган пирог). Негизги майрамы - карнавал.
