НИЗАМИ ГЯНЖАВИ
НИЗАМИ ГЯНЖАВИ Абу Мухаммед Ильяс ибн Юсуф (1141-ж. чен, Азербейжан, Гянжа ш. - 1209-ж. чен, ошол эле жер) — цзербайжан акыны жана ойчулу. Фарсы тилинде жазган. Лирик катары жашынан эле элге таанылган. Лирикалык жыйнагынын 6 касыйдасы, 116 казалы, 2 кытасы, 30 рубаиси бар бөлүмү бизге жеткен. Негизги чыгармасы - «Хамсе» («Беш китеп»), Буга «Сыркенчи» (1173-80), «Хосров-Ширин»
(1181), «Лайли-Мажнун» (1188), «Жетикөзөл» (1197), «Искендер-наме» (1203-ж. чен) эпикалык беш дастан кирет. Кезегинде «Беш китеп» чыгыш адабиятына күчтүү таасир тийгизген; инди-фарсы акыны Амир Хосров Дехлеви, А. Навои, А. Жами Н. Г-нин жолун жолдоп бешилтик дастандар жарат-

кан. «Сыр кенчи» - дидактикалык-философиялык дастан. Ал чыгыш адабиятындагы дидактика жанрынын өнүгүш багытын айкындаган. Акын бу дастанда бийлик башындагыларды адилет, карамагындагы калкка камкор ата болууга чакырган. Дастан диний маанайда жазылып, гуманистчил муратты көздөйт. «Хосров-Ширин» - романтикалуу дастан. Мында Хосров шахтын Ширин сулууга деген тунук арзуусу баяндалат. Чыгармада баш каарман иретинде шах эмес, Ширин сулуу көрсөтүлүп, анын образы аял заты азиз касиеттер ээси катары сүрөттөлөт. «Лайли-Мажнун» дастанынын сюжети эски араб уламышынан алынган. «Жети көзөл» Бахрам Гур шах жөнүндөгү баянга негизделген. Анда Бахрам Гурдун жеңил ойлуу шахзададан бара-бара акылдуу, нары олуттуу, чынчыл, зордук менен зулумдукка каршы күрөшкөн падышага айланышы көрсөтүлгөн. Соңку «Искендер-наме» дастаны анын чыгармачылыгындагы туташ өнүккөн социалдык утопиянын жеткен чегин айгинелеген. Анын чыгармачылыгы Чыгыш менен Батыштын маданий кенчине баалуу салым кошту. 1947-ж. СССРде Н. Г-нин 800 жылдыгы белгиленип, сөөгү коюлган Кировабад (учурда Гянжа) ш-нда акындын мавзолей үйү ачылган. Н. Г-нин айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган. НИЗАМИЕВАбдурашидГумарович[16. 1. 1967- жылы туулган, Ош (азыркы Баткен обл., Лейлек р-ну, Сумбула кыш.] - география илимдеринин доктору (2005). Экономика илимдеринин кандидаты (1999), доцент (2002). Эмгек жолун 1984-жылдан Ноокат р-нунда № 44 жылкы заводунда жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. Ал 1993-ж. ОшМУну бүтүргөндөн ошод университетте улук лаборант, окутуучу, доцент, кафедра башчысы, декан (2002-09), ОшТУда окутуучу, улук окутуучу, кафедра башчысы (1996-2001) болуп эмгектенген. 2009- 11-ж. Ош ш-дык мэриясынын эл аралык байланыштарды өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча комитетин жетектеген. 2011-жылдан ОшМУда декан. 2008-ж. Анадолу университетинде (Түркия) билимин жогорулаткан. Аны ЮОдөн ашык илимий эмгеги (анын ичинде 2 монография, 6 окуу китеби) бар; негизинен Кыргызстандын туризм тармагынын географиясын жана экономикасын изилдөөгө арналган. КРдин билим берүүсүнүн отлйчниги. Ардак грамота жана дипломдор менен сыйланган.
Эмг.: Рекреационный комплекс Кыргызстана: реалии и перспективы. Б., 1998; Туризм Кыргызстана: Социально-экономические аспекты. Ош, 2005; Маркетинг туризма: Основы теории и практики. Ош, 2006; Туризм негиздери. Окуу куралы. Ош, 2010.