НИЖНИЙ ТАГИЛ
НЙЖНИЙ ТАГЙЛ - Россиядагы шаар (1917- жылдан). Свердлов обл-нда. Тагил д-нын боюнда жайгашкан. Калкы 374,5 миң (2010). Т. ж. түйүнү. Кара металлургия («Нижнетагил металлургия комбинаты», А. К. Серов атындагы металлургия заводу), машина куруу жана металл иштетүү («Уралмаш», «Уралэлектротяжмаш», «Уралхиммаш» ж. б.), химиялык, кокс-химиялык (өндүрүш бирикмелери:. «Уралхимпласт» ж. б.) ө. ж. ишканалары иштейт. Шаардын аймагынан коло казылып алынат. Университет, китепкана, театр, филармония, музей (анын ичинде край таануу, искусство ж. б.), цирк бар. Шаар 1725-ж. негизделген.