НИДЕРЛАНД РЕВОЛЮЦИЯСЫ (1566-1609)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИДЕРЛАНД РЕВОЛЮЦИЯСЫ (1566-1609) - Испан үстөмдүгүн толук жоюуга багытталган жана кальвинизмдин туусу алдында өткөн Ни­дерланддагьгрев-я. 15-16-к-да католик чиркөө­сүнө таянган испан абсолютизми Нидерланддын экономикасынын жана маданиятынын өнүгүшүнө ке­дерги болгон. Вильгельм Оранский башында тур­ган оппозициялык топ испандык режимге кар­шы чыккан. 1566-ж. католик чиркөөсүнө каршы турган элдик көтөрүлүш (5500дөй чиркөө жана монастырь талкаланган), 1572-ж. жазында өл­көнүн түндүгүндө, 1576-ж. өлкөнүн түштүгүндөгү көтөрүлүштөр, 1579-ж. Утрех униясынын тү­зүлүшү Н. р-нын урунттуу учурлары болгон. Революция өлкөнүн түндүгүндө гана жеңип, түштүгү 1585-ж. чейин испан бийлигинде калган. Н. р. испан абсолютизмине сокку уруп, Европадагы революцияларга жол ачкан. Анын натыйжасында ис­пан үстөмдүгү кулатылып, Түндүк Нидерландца Ев­ропадагы биринчи респ-ны негизделген.