НИДЕРЛАНД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИДЕРЛАНД, Н и д е р­ланд Королдугу (расмий эмес аталышы - Голландия) - Батыш Европадагы өлкө. Чыгы­шынан Германия, түштүгүнөн Бельгия менен чек­тешип, түндүгүн жана батышын Түндүк деңиз чулгайт. Кариб деңизиндеги Бонайре, Синт-Эс­татиус, Саба ж. б. а-дагы ээликтери менен бирге

Нидерланд Королдугун түзөт. Аянты 41526 км2. Калкы 16,7 миллион (2011). Борбору - Амстердам ш. Администрациялык-аймактык жактан 12 провинцияга бөлүнөт. Акча бирдиги - евро.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007)

Провинциялары

Аянты, миң км2

Калкы, мин

Администрациялык борборлору

Гелдерланд

5,14

1978,69

Арнем

Гронинген

2,96

573,93

Гронинген

Дренте

2,68

485,99

Ассен

Зеландия

2,93

380,55

Мидделбург

Лимбург

2,21

1127,64

Маастрихт

Оверэйсел

3,42

1116,41

Зволле

Түндүк Брабант

5,08

2418,70

Хертогенбос

Түндүк Голландия

4,09

2613,99

Харлем

Түштүк Голландия

3,42

3453,76

Гаага

Утрехт

1,45

1190,73

Утрехт

Флеволанд

2,41

374,40

Лелистад

Фрисландия

5,75

642,17

Леуварден

Н. - БУУнун (1945), Европа Биримдигинин (1957), Эл аралык экономикалык өнүгүү жана кызматташуу уюмунун (1960), НАТОнун (1949), ЭВФтин (1945), ЮНЕСКОнун (1947), ИНТЕРПОЛдун (1923) ж. б. уюмдардын мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү. Н. - унитардык мам­лекет. Башкаруу формасы -

конституциялык­парламенттик монархия. Мамлекет башчысы - монарх. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - эки палаталуу парламент (Генерал­дык штат). Аткаруу бийлигин өкмөт (Министр­лер кабинети) ишке ашырат. Негизги саясий партиялары: Христиандык-демокр. чакырык, Эмгек партиясы - социал-демокр. партиясы, Эр­киндик жана демократия үчүн элдик партиясы ж. б.

Табияты. Н. Орто Европа түздүгүнүн батышын­да, жээк тилкесиндеги ойдуңдарда жана курга­тылган жерлерде (польдераларда) жайгашкан. Жеринде ойдундуу түздүктөр басымдуу. Өлкөнүн аймагынын жарымынан көбү (33,9 миң и:.и2) деңиз деңгээлинен төмөн туруп, түштүк-чыгышында 2% жери гана 30 .иге жогору көтөрүлүп турат. Анча бийик эмес бөксө тоолор орун алган. Аймагы­нын көбүндө дарыялар өтө жыш жайгашкан­дыктан (Рейн, Маас, Шельда ж. б.), кеме жүрүүчү жалпы дельтаны түзөт. Дарыялары агызып келген шилендилерден дельталар пайда болуп,

Нидерланддагы кумдуу дюналар.

жээктеринде ойдуңдар түзүлгөн. Ал ойдундар­дын көпчүлүгү Түндүк Голландия, Түштүк Голлан­дия жана Флеволанд провинцияларында жайгаш­кан. Жээк тилкеси шиленди дюналардан турат. Эң бийик жери - Валсерберг чокусу (бийикт. 322 м-, Арденна тоосунда), төмөнкүсү - Заудп­ластполдер (-6,74 м). Кли­маты деңиздик мелүүн, жайы салкын, кышы жум­шак. Январдын орт. темп­расы 1-3°С, июлдуку 16- 17°С. Жылдык жаан-чачы­ны 650-750 мм. Ири да­рыялары: Рейн, Маас, Шель­да; көлү - Эйсселмер (бу­луң). Суу каптоо корку­нучуна байланыштуу Зей­дер-Зе булуңунун (1282- жылкы суу каптоодон пай­да болгон) түштүгүндө-дам­балар курулган. 1953-ж. да катуу суу ташкыны жүр­гөн. Өлкөнүн аймагынын көп бөлүгүн күл топурак ээлейт. Түндүгү менен чыгышы чым көң-күл, кээ бир жер­лери саз топурактуу. Чыгы­шы менен түштүгүндө кумдуу топурактар кездешет. Польдералар а. ч-нда кол­донулат. Лимбургдун түш­түгүндөгү бөксө тоолордун кыртышы эолдук процесс­тин натыйжасында борпоң сары келет. Андан сырт­кары күрдүү топурактар да бар. Өлкөнүн аймагынын түштүк жана чыгышында ве­реск, кызыл карагай, эмен ж. б. токойлор өсөт. Фау­насы антропогендик фак­тордун негизинде сейрек­төөдө. Канаттуулардын көп түрү мекендейт. Сейрек кез-

:7?еКсёл.й.Хелдёр!

Де-Мейнвег улуттук паркы.

дешүүчү жаныбарлар коргоого алынып, улуттук парктар (Велюзом, Кеннемер дюналары ж. б.) жана коруктар уюштурулган. Кен байлыктары: нефть, газ, чым көң, кайнатма туз, каолин.

Калкы. Калкынын көпчүлүгүн нидерланддар (80,7%) түзөт. Ошондой эле немистер (2,4%), индоне­зиялыктар (2,4%), түрктөр (2,2%), суринамдык­тар (2%), марокколуктар (2%), индиялыктар (1,5%), антилдиктер жана арубалыктар (0,8%) ж. б. элдер да бар. Расмий тили - нидерланд тили. Калкынын 64,27%и христиан (протес­тант 33, католик 31,27), 6%и мусулман, 0,6% индуизм, 0,5% буддизм, 2,2% и башка диндер­ди тутат. Төрөлүүнүн деңгээли орточо (1000 ки­шиге 12,42), өлүм-житим төмөн (ЮООге 8,48;

Лейден шаарынын борбордук бөлүгү.

жаш балдардыкы 6). Орт. жыштыгы 1 км2 394 киши (2011). Калкынын жашынын орт. узак­тыгы эркектериники - 75 жаш, аялдарыны­кы - 81. Шаар калкы 82% (2008). Ири шаарла­ры: Амстердам, Гаага, Роттердам, Утрехт.

Тарыхы. Н. аймагын адам неолит доорунан мекендеген. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын 2-жары­мында Н-да негизинен кельт уру-улары жашап, биздин замандын башында аларды германдар сүрүп чыгар­ган. Биздин заманга чейинки 1-к-да Н-дын бир бөлүгүн римдик­тер басып алып, 3-4-к-да франктар отурукташ­кан. 10-11-к-да Н-да феод. ээликтер (графтык­тар) түзүлүп, 12-к-дан шаарлар өнүккөн. Н. 1447- жылдан Габсбургдардын, 1556-жылдан Испа­ниянын бийлигинде болгон. 15-16-к-дын аягын­да капиталисттик мамилелер калыптана баш­таган. Испаниянын үстөмдүгүнө каршы Нидер­ланд буржуазиялык революциясынан улам өлкө көз каранды­сыздыкка жетишип, туңгуч буржуазиялык респ. түзүл­гөн. Революциядан кийин Н-дын экономикасы менен маданияты тездик менен өнүгүп, 1648-ж. Кошмо про­винциялардын федерациялык респ-на (кээде Голландия деп да аталган) айланып, аз убакыт­та эле европалык мамлекеттерден ашып кеткен. 1795-ж. фр. аскерлер басып киргенден кийин Францияга көз каранды Батав Респ. түзүлгөн. 1806-ж. өлкөнү Франция басып алып, Голлан­дия королдугу түзүлгөн. Вена конгресси (1814- 15) күчкө салып, Н. менен Бельгияны Нидерланд королдугуна бириктирип, ал 1815-ж. 15-майда расмий жарыяланган. Бельгия революциясынын (1830) натыйжасында Бельгия Н-дан бөлүнгөн. 19-к-дын акыркы чейрегинде Н-да ө. ж. төңкө­рүшү аяктап, империализмге өтүү мезгили баш­талган. Биринчи дүйнөлүк согуш (1914-18) мез­гилинде Н. бейтарап саясат жүргүзгөн. 2-дүйнө­лүк согуш (1939-45) башталганда Н. өзүн бейта­рап өлкө деп жарыялаган, бирок аны 1940-ж. 14-майда Германия басып алган. Душмандан 1945-ж. майда бошотулган. 1945-жылдан БУУ­нун, 1949-жылдан НАТОнун мүчөсү. Н-дын ай­магында НАТОнун штабы, АКШнын аскер ба­засы жайгашкан. Н-да 1951-ж. Бенилюкс союзу (Бельгия, Н., Люксембург), 1957-ж. ЕвропаЭко­номика биримдиги түзүлгөн.

Экономикасы. Н. - индустриясы жогорку дең­гээлде өнүккөн өлкө. ИДПнин көлөмү 654,7 миллиард долларды (2009, АКШ) түзгөн. Аны киши башы­на бөлүштүргөндө 39,9 миң доллардан туура ке­лет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 73,7, ө. ж-дыкы 24,4, а. ч-ныкы 1,9. 2008-ж. 108,2 миллиард кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Негизинен ЖЭБден алынат. Эки АЭС иштейт. Ө. ж-нын башкы тармагы - машина куруу (бай­ланыш жана телекоммуникация жабдуулары, кеңсе жана тиричилик техникалары, кеме, авто­мобиль тетиктери), химиялык (лак, боёочу каражат­тар, жер семирткич ж. б.), нефть-химиялык, тамак­аш (эт, сүт азыктары, пальма майы, жууган май, сыр, коюу сүт, шоколад ж. б.), текстиль ө. ж. өнүккөн. Пиво кайнатылат. Ликёр ж. б. өндүрүлөт. Таш көмүр, нефть, табигый газ, чым көң, кайнатма туз, каолин казылып алынат. Өлкөнүн аймагынын 65% и иштетилет. Негизги азыктары - картөшкө, кант кызылчасы, жа­шылча-жемиш, буудай ж. б. Бодо мал, кой, эчки, чочко асыралып, үй куштары багылат. Балык кармоо өнүккөн. Деңиз продуктулары даярдалат. Парниктерде жашылча-жемиш өс­түрүү боюнча алдынкы орунда. Автомобиль жолу­нун уз. (миң км менен) 138,8 (2008 тез жүрүү үчүн автомагистралдары 2,58), т. ж-нуку 2,9. Сырт-

Алкмаар шаарындагы сыр базары.

ка азык-түлүк (эт, сыр, шоколад ж. б.), нефть продуктулары, газ, машина жана жабдуулар ж. б. чыгарылат. Ири порттору: Роттердам ж. б. Негизги соода шериктештери: Германия, Бель­гия, Улуу Британия, Франция, Кытай ж. б.

Маданияты. Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону, милдеттүү башталгыч, орто, атайын жана жогорку билим берүүнү кам­тыйт. Орто жана адистик билим алуу, башка адис­тикке өтүү, информатика, компьютер үйрөнүү, чет тилдерди, менежменттин жана бизнестин не­гиздерин ж. б. окутуу курстары иштейт. 15 жаш­тан жогору калктын сабаттуулугу 91% ти түзөт (2013). Ири мамлекеттик ЖОЖдорунун көбү, ошондой эле му­зейлери, китепканалары Лейден, Гронинген, Амстердам, Роттердам ш-нда жайгашкан.

Массалык-маалымат каражат­т а р ы. «Телеграф», «Алгемейн дахблад», «Фол­кскрант», «Биннехоф» ж. б. ири гезит-журнал­дары чыгат. Радиоуктуруу 1969-жылдан, те­лекөрсөтүү 1951-жылдан, ошондой эле «Алгемен Ни­дерланде Персбюро» маалымат агенттиги 1934- жылдан иштейт.

Адабияты. Нидерланд тилиндеги байыр­кы адабий эстелик - Каролинг псалмалары (9-к.). Тунгуч көрүнүктүү жазуучусу - Генрих фон Фельдеке. Кайра жаралуу идеясы Э. Роттер­дамскийдин чыгармаларында (айрыкча «Макоо­луктун мактанчы» сатирасы) берилет. 12-16- к-дагы Н. адабияты эски Н. адабиятынын нугунда өнүк­көн. Н-дын маданиятындагы «алтын доор» катары 17-к. эсептелет. Ар түрдүү адабий багыттарга жат­кан (алардын эң башкысы классицизм болгон) ошол доордун жазуучулардын чыгармачылыгы үчүн со­циалдык жана этикалык проблемаларга көңүл бу­руусу мүнөздүү болгон (А. Валериус, П. К. Хофт, С. Костер, Г. А. Бредеро, Я. Стартер ж. б.). 17- к-дын адабиятынын тарыхында борбордук орунду акын жана драматург И. ван ден Вонделдин чыгармачылыгы ээлеген. Анын «Люцифер» (1654) трагедиясы - дүйнөлүк адабияттын шедеврлеринин бири. 18-к-да адабиятта демокр. салттардын солгундашы бай­калат. Н-нын 19-к-дагы белгилүү жазуучу Э. Д. Деккер өз чыгармаларында («Макс Хаве­лаар», 1860, «Сүйүү каттары», 1861)нидерл. ко­лониализмге, буржуазиялык коомдун адамкерчиликсиз­дигине каршы идеяларды берген. 20-к-дын ба­шында Н. адабиятына Г. Хейерманс («Бриллиант­тар шаары» 1904; «Эмгекте жана зыяратта» 1903); Гортер («Мей», 1889; «Пан» 1912); Роланд Холст («Кайрадан төрөлгөндөр», 1903; «Өргө жол», 1907, «ТомасМор», 1902; «Валдар», 1922) ж. б. келишкен. Немистик-фашисттик аскерлер Н-ны оккупациялаган жылдары (1940-45) бас­ма сөз жашырын иштеген. Ага Вестдейк, Т. де Фрис, Я. Гресхоф А.ван Дёйнкеркен ж. б. ка­тышкан. Өздөрүн «70-жылдардын тобубуз» деп атаган соңку муундун акын-жазуучулары формализмге каршы, элдин калың катмарына жакын жана түшүнүктүү адабиятты түзүүнү баш­ташкан.

Архитектура ж а сүрөт иск в о с у. 19-к-дын 1-жарымында Н-нын архитектурасы башка өлкөлөрдүн, айрыкча Франциянын шаар куруусунун күчтүү таасиринин алдында бол­гон. 19-к-дын 2-жарымында, айрыкча 80-жыл­дарда Н-нын экономикасы көтөрүлүп, шаарлар­дын өсүшүнө, алардын структурасынын өзгөрү­шүнө өбөлгө түзүлгөн. 1902-ж. X. П. Берлаге Амстердамды кеңейтүү долбоорун сунуш кыл­ган, 1935-ж. К. ван Эстерендин жетекчилиги ас­тында Амстердамдын генпланы иштелип чык­кан. Бул планды ишке ашыруу 2-дүйнөлүк со­гуштан кийин да улантылган. Жаңы шартка байланыштуу Роттердамдын борборун (250 га) реконструкциялоо (1940-ж. фашисттик бомба­лоодо жок кылынган) пландаштырылып, шаар аймагы (800 га) кенен проспекттерге, аянттарга бөлүнгөн. 1900-40-жылдардагы Н-нын архитектурасы эклектикадан функционализмге өтүүнүн ар кан­дай стадияларына ачык мисал болуп саналат. 1920-жылдардын архитектурасында дагы бир багыт В. М. Дюдоканын чыгармачылыгына байланыштуу. Анын Хилверсюмдагы коомдук курулуштары (ратуша, 1928-30 ж. б.) көп жагынан шаардын өзгөчөлүгүн аныктап, функциялык максаттуу­лугу менен гана эмес, образдын жаркын эмоция-

Нидерланд Улуттук музейи.

Ыйык Сервантий базиликасы, 14—15-к. Маастрихт шаары.

луулугу, айкын пластикалуулугу менен айырма­ланат. Өндүрүштүк архитектурага - техникалык курулуштарга (Гертрёйденберг электр станциясы), ишканалар­га чон көңүл бөлүнгөн. 17-к-дагы Н. искусствосун­да станоктук сүрөт, офорт басымдуулук кыл­ган. 17-к-дын 30-жылдарында голланд живопи­си нукура демократизмге жана чебер жаңычыл­дыкка каныгып, психол. бирдиги, түстөрдүн гаммасынын жөнөкөйлүгү менен айырмаланган. Ошол кезде голландиялык ири реалисттер Халс­тын, айрыкча Рембрандттын чыгармаларында адамды баалоо жана терең психологизм негизги орунду ээлеген. 18-к-да Н. искусствосу эпигондук

Амстердам шаарындагы «Филипс» концернинин штаб-квартирасы.

мүнөзгө өткөн. 19-к-дын ортосунда реалисттик багыт (Я. Б. Ионгкинд, Й. Исраэлс) толук ка­лыптанган. В. ван Гог голланд жумушчулары менен дыйкандарынын ачык-айкын образдарын түзгөн. 20-к-да Н-да символизм, абстракционизм ж. б. агымдар пайда болгон.

М у з ы к а с ы. Н-нын музыкалык маданияты жөнүндөгү алгачкы маалыматтар о. кылымга тиешелүү. Ал 15-16-к-да жогорку деңгээлге көтөрүлгөн. Му­зыка искусствосунун классикалык мезгили Нидер­ланд мектебинен башталган, анын өкүлдөрү: Г. Дюфе, Жоскен Депре ж. б. Бул мектеп бүткүл Батыш

Европа музыкасына таасирин тийгизген. 17-к-да жогорку денгээлдеги аспаптык музыка­нын өнүгүшү менен катар музыкалык аспаптарды жасап чыгаруу жогорку деңгээлге чыккан. 16-к-дын аягы - 17-к-дын башында композитор, орган­дык музыканын чебери Я. П. Свелинг немисче орган­дык музыкалык мектебинин өнүгүшүнө чоң салым кош­кон. 19-к-дын 1-жарымында адегенде немисче романтикалык таасир менен улуттук-демокр. музыкалык маданият өнүгөт. Көп голланд композиторлору Гер­манияда (Ж. Б. ван Бре, Й. Ферхюлст, Р. Хол, В. Николаи ж. б.) окушкан. Биринчи Королдук музыкалык мектеп (1826-46, Гаага) негизделген. 1841-ж. музыканттардын турмуш-тиричилигин коргоо боюнча «Цецилия» коому, 1883-ж. «Консертгебау» деген өзүнүн залы, хору жана атактуу симфониялык ор­кестри менен эң чоң концерттик коом түзүлгөн. 19-к-дын аягы - 20-к-ды башында улуттук ком­позиторлор (Б. Зверс, Й. Вагенар, А. Дипенброк ж. б.) чыккан. Немистик-фашисттик оккупа­ция музыкалык турмуштун өнүгүшүн басаңдаткан. 40- жылдардын аягында ар кандай авангарддык чыгармачыл багыттар (к. Авангардизм) пайда болгон. Бүгүнкү күндө Амстердам, Гронинген, Гаага, Роттердам, Утрехт, Маастрихт жана Тил­бург ш-нда 7ден ашык консерватория бар, 3 музыкалык лицей, католиктик чиркөө музыкасы, Н. ин­ту; чиркөө музыканттарын даярдай турган атайын окуу жайлары бар. Театры. Н-нын профессионал театры, 17-к-дан тартып өнүгүп, улуттук драматургиясы (ван дер Виле П. Гофт) пайда болгон. Н-нын театр искусствосу кийин чет элдин таасиринде болуп, франц., англ. драма­тургдардын чыгармаларын көп пайдаланган. 19- к-дын аягы - 20-к-дын башында голланд ав­торлордун (Г. Гейерманс ж. б.) пьесалары кою­ла баштаган. 40-60-жылдардагы көрүнүктүү театрларында «Гаагакомедиясы» (К. Ласёр баш­чылык кылган), «Нидерланд комедиясы» (же­текчиси X. В. ван дер Берг жана Й. де Местер) пьесалары коюлган. 60-70-жылдарда репертуар­ларында улуттук драматургдар X. Хейерманс, Я. Стал, Ле де Бур ж. б.-дын пьесалары орун алган. Белгилүү актёрлору, режиссёрлору: А. Ван Дальсюм, К. ван Дейк, Ш. Кёлер, В. Фос ж. б.

К и н о с у. Алгачкы киностудиясы 1910-ж. Гарлемде уюшулган. 1933-ж. Амстердамда толук метраждуу алгачкы көркөм фильм («Моряктар») тартылган. 20-30-жылдары реж. Й. Ивенс чы­гарган фильмдер чоң ийгиликке жетишкен. Н. көркөм кинотасмалары: «Фанфарлар» (1958, реж. Ханстра), «Месье Хаварден» (1969, реж. X. Кюмель), «Франк жана Ева» (1973, реж. П. де Лар-Парра), «Түрк жемиши» (1973, реж. П. Ферхувен) ж. б. Кино актёрлору: В. Ванн Ал­мерой, Т. Хюрдерман, Р. де Хойер, К. Брюсе.