НИГИЛИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НИГИЛИЗМ (латынча nihil - эч нерсе) - коомдук турмуш нормаларын, моралдык принциптерин, маданият мурастарын, бардык кабыл алынган баа­луулуктарды тануу, жерүү, өгөйлөө. Н. терми­нин Генрих Якоби киргизген. Н. коомдук-та­рыхый өнүгүү процессинин кризис доорунда ке­ңири таралат. Н-дин төмөнкүдөй формалары бар: 1) теориялык Н. чын дүйнөнү таанып-билүү мүм­күндүгүн четке кагат; 2) этикалык Н. рухий баа­луулуктар менен жүрүм-турум нормаларын танат; 3) саясий Н. коомдук түзүлүшкө каалагандай каршы чыгат. 19-

к­дын 60-жылдары Россияда­гы разночиндик интеллигенция өкүлдөрү Н-ди жактаган.