НИГЕР (дарыя)
НИГЕР (Niger, бербер тилинде негирен - дарыя, агын суу) - Гвинея, Мали, Нигер жана Нигерия аркылуу аккан дарыя. Уз. 4160 км, алабынын аянты 2092 миң км2. Леон-Либерия дөңсөөсүнөн Жолиба деген ат менен башталып, тоо арасындагы ички өрөөн аркылуу агат; андан соң Судан түздүгүндө бир нече салааларга жана куймаларга бөлүнүп, ички дельтаны пайда кылат; Томбукту ш. тушта салаалар бир нукка биригет. Елва ш-нан төмөн Түндүк Гвинея дөңсөөсүн кесип өтөт, андан ары чатына чейин кенен өрөөн аркылуу агып, Атлантика океанындагы Гвинея булуңуна куярда дельтаны пайда кылат. Негизги куймалары: Бани (оң), Сокото, Кадуна, Бенуэ (сол). Июнь-сентябрда ташкындайт, төмөнкү агымында экинчи ташкыны февралда болот. Орт. чыгымы 9300 м?/се.к (эң көбү 35 миң лг3/сек). Жылдык агымы 300 тслгэге жакын. Жылына 67 миллион тшиленди агызып келет. Ири ГЭС жана Каинжи суу сактагычы бар. Сугатчылыкка пайдаланылат. Балык кармалат. Айрым бөлүктөрүндө [Курусадан Бамакого, Сотуба шаркыратмасынан (ички дельтадан төмөн) Ансонгого, Ниамей ш-нан чатына чейин] кеме жүрөт. Боюндагы негизги шаарлар: Куруса (Гвинея), Бамако, Томбукту (Мали), Ниамей (Нигер), Жебба, Локожа (Нигерия). Дельтасында - Порт-Харкорт деңиз порту (Нигерия) жайгашкан.