НЕФТЬ ЭКСПОРТТООЧУ ӨЛКӨЛӨР УЮМУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕФТЬ ЭКСПОРТТООЧУ ӨЛКӨЛӨР УЮМУ (ОПЕК) - чет элдик ири нефть компаниялары өз-ара мамилелерин координациялоо үчүн 1960-ж. түзгөн уюм. Ага Иран, Ирак, Кувейт, Сауд Арабиясы жана Венесуэла, кийинчирээк Ал­жир, Эквадор (1973-92; 2007), Габон (1975-94), Ливия, Нигерия, Катар, Ангола жана БАЭ кир­генетикалык Бул уюмдун штаб-квартирасы Вена ш-нда. Уюмдун дүйнөлүк нефть өндүрүүдөгү үлүшү 1994-ж. 41% ти түзгөн. Уюмдун

уюшулушуна нефтинин дүйнөлүк баасын нефтини көзөмөл­дөөчү 7 ири компания («Бритиш петролеум», «Тексако» ж. б.) төмөндөтүшү себеп болгон. Анын негизги максаты дүйнөдө нефтиге болгон баанын төмөндөшүн токтотуу эле. Бул уюмдун мүчөлөрү жылына 2 жолу жолугуу уюштуру­шат. Н. э. ө. у. дүйнөлүк нефть запасынын 2/3 бөлүгүн көзөмөлдөп турат. Аларга дүйнөдөгү өндүрүлгөн нефтинин 40% ти жана экспорттун жарымы таандык болуп, учурда 12 мамлекет мүчө.