НЕФТЬ ХИМИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕФТЬ ХИМИЯСЫ - химия илиминин нефти­ден химиялык түрдүү заттарды, материалдарды өндүрүү процесстерин изилдөөчү жана иштеп чыгуучу тар­магы. Ири молекулалуу бирикмелердин химия­сы, химиялык кинетика жана катализ, химиялык техноло­гия илимдеринин биригишинен пайда болгон. Н. х-нын пайда болуусу жана калыптанышы неф­тини химиялык жол менен кайра иштетүүнүн илимий неги­зин түзгөн. Изилдөөнүн жыйынтыгында ар түр­дүү жаңы ыкмалар, методдор жана процесстер пай­да болду. Ө. ж-да химиялык продуктуларды өндүрүү­нүн өсүшү, отун катары күйүүчү заттарды, май­лоочу майларды көп колдонуу баштапкы сырьё­лордун булагын табууну талап кылды. Сырьё­нун мындай булагы нефть жана нефть продукту­лары болгондуктан, илимде, өндүрүштө нефть­химиялык синтез деген жаңы тармак өсүп чыкты. Бул тармактын негизги максаты — нефтини, нефть продуктуларын, нефть газдарын комплекс­түү түрдө кайра иштетүү. Азыркы учурдагы Н. х-нын өзгөчөлүгү - бир эле химиялык затты ар түрдүү сырьёдон ар кандай жол менен өндүргөн­дүгүндө. Бул көп түрдүү синтездөө жолдорунан эң үнөмдүүсүн, ыңгайлуусун тандап алууга мүм­күнчүлүк берет.