НЕФТЬ САКТАГЫЧ
НЕФТЬ САКТАГЫЧ - нефть же нефть продуктуларын сактоочу резервуар. Жер үстүндөгү, жарым-жартылай жер астындагы, жер астындагы түрлөрдөн турат. Металл, темир бетон, пластмассадан жасалат. Жер үстүндөгу резервуар цилиндр (вертикалдуу же горизонталдуу), сфера түспөлдө болуп, үстү конус, калкан, жарым шар сыяктуу жабылат. Нефть продуктуларындагы конус формасында жабылган резервуардын сыйымдуулугу 100-5000 м3, тыгыздыгы 0,9 т/м?. Ички газдык басымы 27- 93 кг/м3 болгон нефть жана нефть продуктулары вертикалдуу резервуарларда кездешет. Болоттон жасалган атайын конструкцияларда тунук, түссүз продуктулар, сфера түрүндөгү резервуарларга суюлтулган газдар, суюк продуктулар сакталат. Жарым-жартылай жер астындагы Н.с-тын сыйымдуулугу 500- 30000 м3 келип, темир-бетондон курулат. Бензин, дизелдик отундар, керосин сакталат. Аз убакытка сактоочу жер астындагы резервуарлар 100 лгдей терендикте казылат.