НЕФТЬ ПРОДУКТУЛАРЫН ТАЗАЛОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕФТЬ ПРОДУКТУЛАРЫН ТАЗАЛОО - нефтъ продуктуларынан отун жана майдын эксплуата­циялык касиетине терс таасир тийгизүүчү ке­рексиз аралашмаларды бөлүү. Андай заттарга күкүрттүү жана азоттуу бирикмелер, асфальт-ча­йыр заттары, кум, чопо, чаң, газдар, минерал­дык туздар жана суу кирет. Ө. ж-да химиялык, физикалык- химиялык жана катализдик жолдор менен тазаланат. Химиялык тазалоодо тазалануучу продуктуга түрдүү реагенттерди таасир этип, керексиз бирикмелер ажыратылат. Физикалык-химиялык тазалоодо эриткичтер­дин жардамы менен керексиз заттар тандалып бөлүнөт. Адсорбциялык тазалоодо нефть про­дуктуларынан чексиз углеводороддор, чайырлар, кислоталар ж. б. заттар бөлүнөт. Катализдик таза­лоо күкүрттүү, азоттуу, кычкылтектүү бирикме­лерди бөлүү үчүн колдонулат. Минералдык туз­дар гидролизге учурап, кислотаны пайда кылып, аппараттарды дат басууга алып келет. Чопо, чаң жана кум аппараттардын жылуулук өткөр­гүчтүгүн төмөндөтөт. Суу нефтинин ректифи­кация аркылуу бөлүнүшүнө тоскоол болот. Ошондуктан нефть ажыратууга чейин тазала­нышы керек. Эриген газдар атайын машинанын жардамы менен бөлүнүп алынат. Басым төмөн­дөгөндө газ менен бирге жеңил углеводороддордун аралашмасы бөлүнүп чыгат. Нефтини тундурууда катуу заттар чөктүрүлөт. Жылуу суу менен бир нече ирет жууп, нефтини минералдык туздардан та­залайт. Суу нефть менен туруктуу эмульсияны пай­да кылгандыктан, ага эмульсияны буза турган заттар кошулат. Мисалы, нафтен кислотасынын натрий тузун кошуп ысытууда эмульсия бузулуп, нефть суудан ажырайт. Эгерде жылытылган нефть ар­кылуу электр тогун өткөрсө, эмульсия тезирээк ажырап, суу тундуруудан кийин жеңил эле бөлүнүп чыгат. 1 м3 нефтиден орт. 30-50 ж3 газ­дардын аралашмасы бөлүнүп алынат. Алар хи­мия ө. ж-нда негизги сырьё болуп эсептелет.