НЕФТЬ
НЕФТЬ (түркчө пей, фарсыча нефт) - жер кыртышындагы чөкмө тектердин катмарларында кездешүүчү, коңурсуган жагымсыз жыты бар, май сыяктанган күйүүчү суюктук. Эл чарбасы үчүн өтө маанилүү кен байлык болуп эсептелет. 1,2-2 тслгден
ашык терендикте, газ абалындагы углеводороддор менен бирге пайда болот. Жер бетине жакын коюу массага, балкыган асфальтка айланат. Негизинен ар түрдүү углеводороддордон (алкан, циклоалкан, арен жана алардын гибриддеринен), көмүртек менен суутектен, аз санда гетероатомдордон жана кычкылтек, күкүрт, азот кездешкен бирикмелерден турат. Курамында газ, суу, минералдык туздар кездешет. Өңү түссүз, ачык күрөң, кара күрөң, кара түстө болот. Тыгыздыгы 0,15-0,70 г/см3ден 0,98-1,05 г/см3ге чейин өзгөрөт. Өтө чоң тереңдиктен орун алган Н. кени газ абалындагы углеводород менен ар кандай даражада каныгат. Н-нин курамында 82,5- 87% көмүртек, 11,5-14,5% суутек, 0,05-0,35% кычкылтек, 0,001-5,3% күкүрт, 0,001-1,8% азот кездешет. Кайноо температурасы 28°Сден жогору. Органикалык эриткичтерде эрип, сууда эрибейт. Бирок туруктуу эмульсия пайда кылат. Отун-энергетика, химиялык ө. ж-нын негизги сырьёсу болуп саналат. Н-ни кайра иштетип, ажыратуудан бензин, керосин, солярка ж. б. күйүүчү майлар жана мазут алынат. Ошондой эле жасалма жана синтездик каучук, була, спирт, кислота ж. б. өндүрүлөт. Пайда болушу жөнүндө көп сандаган ой-пикирлер бар. Байыркы доорлордо жашаган окумуштуулар (Агрикола ж. б.) Н-ни органикалык эмес заттардан пайда болот деп эсептешкен. Кийин ар кандай ойпикирлер келип чыккан. 1763-ж. орус окумуштуусу М. В. Ломоносов органикалык заттардан пайда болорун айткан. 1777-ж. Д. И. Менделеев карбиддердин таасиринен келип чыгат деген. 20-к-да орус окумуштуулары (Н. И. Андрусов, В. И. Вернадский, И. М. Губкин, Н. Д. Зелинский ж. б.) чөкмө тектердеги сапропелдүү заттардан пайда болорун далилдөөгө аракеттенишкен. Кийин дүйнө жүзүндөгү илимпоздордун жигердүү изилдөөлөрү биогендик жол менен пайда болорун тастыктады. Буга Н-нин курамынан хемофоссилиялардын табылышы себеп болгон. Н-нин пайда болушу узак убакытка созулуучу өтө татаал процесс. Мында планктондор эң негизги Н. пайда кылуучу зат болуп эсептелет. Алар суулуу чөйрөдө биозатка айланып, чөкмө тектердин арасына сапропель тибинде сиңип, топтоло берет. Бара-бара углеводородго айланат. Н. жер кыртышында төмөнкүдөй 3 түрлүү жерлерде топтолот: 1)гранулдар арасында (кумдук, алевролит), 2) б о шту кта р д а (үңкүрлөрдө, рифтүү акиташ тегинде), 3)жаракаларда (карбонаттар менен кремнийлүү тектердеги жаракаларда). Чөкмө тектердин арасында Н. гидравликалык кысымга ээ болот. Асты-үстүнөн суюктук өткөрбөөчү тектер же суу орун алат. Көпчүлүк учурда антиклиналдык түзүлүштүн төбөсүн ээлейт. Кээде курамында газ көп топтолот. Ошол себептен нефть-газдуу деп аталат. Издөө, чалгындоо иштери геол. геофизикалык, геохим., бургулоо жолдору менен жүргүзүлөт. Бургуланган көзөнөк аркылуу казылып алынат.
Кендин аталышы, табылган жылы | Өлкө, аймак, район, бассейн | Орт. тереңдиги | Геологиялык жашы | Литол. курамы |
А в с т р а л и я | ||||
Кингфиш, 1967 | 2575 | палеоген-неоген | кумдук | |
Халибут, 1967 | 2290 | —"— | —"— | |
А з и я | ||||
Абкайк, 1940 | Сауд Арабиясы | 2030 | бор | акиташ |
Агаджари, 1938 | Иран | 1980 | палеоген-неоген | —"— |
Ампа, 1963 | Бруней | 2480 | —"— | кумдук |
Ахваз, 1958 | Иран | 2740 | —"— | акиташ |
Берри, 1964 | Сауд Арабиясы | 2270 | юра | —"— |
Бурган, 1988 | Кувейт | 1460 | бор | кумдук |
Гавар, 1948 | Сауд Арабиясы | 2040 | юра | акиташ |
Гечсаран, 1928 | Иран | 2130 | палеоген-неоген | акиташ |
Дури, 1941 | Индонезия | 300 | —"— | кумдук |
Духан, 1940 | Катар | 2200 | юра | акиташ |
Карамай, 1955 | Кытай | 200 | триас | кумдук |
Киркук, 1957 | Ирак | 1300 | палеоген-неоген | акиташ |
Ленин, 1956 | Түштүк Каспий | 2000 | плиоцен | кум |
Манифа, 1957 | Сауд Арабиясы | 2420 | юра | акиташ |
Марун, 1964 | Иран | 3350 | палеоген-неоген | —"— |
Минас, 1944 | Индонезия | 730 | —"— | кумдук |
Мурбан, 1960 | Абу-Заби (БАЭ) | 2600 | юра | акиташ |
Самотлор, 1965 | Ватыш Сибирь | 2000 | бор | кумдук |
Сассан, 1966 | Иран | 2100 | юра | акиташ |
Сафания, 1951 | Сауд Арабиясы | 1550 | бор | —"— |
Сериа, 1928 | Бруней | 1600 | палеоген-неоген | кумдук |
Өзен, 1961 | Казакстан | 800 | юра | —"— |
Фатех, 1966 | Дубай (БАЭ) | 2600 | —"— | акиташ |
Эр-Румайла, 1953 | Ирак | 3300 | бор | —"— |
А ф р и к а | ||||
Бому, 1968 | Нигерия | 2290 | палеоген-неоген | кумдук |
Джало, 1961 | Ливия | 1920 | —"— | —"— |
Зарзаитин, 1950 | Алжир | 1400 | девон-карбон | —"— |
Зельтон, 1959 | Ливия | 2320 | бор | —"— |
Кабинда, 1966 | Ангола | 2350 | —"— | —"— |
Мерен, 1965 | Нигерия | 2740 | палеоген-неоген | —"— |
Серир, 1961 | Ливия | 1740 | бор | —"— |
Хасси-Месауд, 1956 | Алжир | 3850 | кембрий-ордовик | —"— |
Эль-Морган, 1965 | Египет | 1950 | палеоген-неоген | —"— |
Е в р о п а | ||||
Арлан, 1955 | Волга-Урал | 1200 | карбон | кумдук, акиташ |
Балахин-Сабунчи, 1871 | Азербайжан | 1500 | плиоцен | кумдук |
Батыш Төбүк, 1959 | Тиман-Печора | 1900 | девон | —"— |
Брент, 1971 | Улуу Британия | 3200 | палеоген | акиташ |
Будафапуста, 1937 | Венгрия | 1600 | миоцен | кумдук |
Делни-Дыбник, 1962 | Болгария | 3400 | триас | акиташ |
Кыштна-Драгонян, 1883 | Румыния | 600 | миоцен | кумдук |
Нефтиташ, 1951 | Азербайжан | 1000 | плиоцен | —"— |
Ромашкин, 1948 | Волга-Урал | 1500 | девон | —"— |
Старогрозный, 1893 | Кавказ | 300–3000 | плиоцен-акыркы бор | кумдук, акиташ |
Туймаза, 1957 | Волга-Урал | 1480 | девон-карбон | кумдук |
Фотиз, 1970 | Улуу Британия | 2440 | палеоген | —"— |
Т ү н. А м е р и к а | ||||
Аренке, 1970 | Мексика | 3640 | бор | акиташ |
Грейдинг-Бей, 1963 | АКШ, Аляска | 3500 | палеоген-неоген | кумдук |
Ист-Техас, 1930 | АКШ, Техас | 1100 | бор | —"— |
Ледюк, 1947 | Канада | 930 | девон | акиташ |
Ленг-Бич, 1921 | АКШ, Калифорния | 1340 | палеоген-неоген | кумдук |
Наранхос-Серро, 1909 | Мексика | 440 | бор | акиташ |
Панхандл, 1910 | АКШ, Техас | 950 | пермь | кумдук, доломит |
Пембика, 1953 | Канада | 1940 | бор | кумдук |
Поса-Рика, 1930 | Мексика | 2160 | —"— | акиташ |
Прадхо-Бей, 1968 | АКШ, Аляска | 2640 | триас | кумдук |
Редуотер, 1948 | Канада | 975 | девон | акиташ |
Суан-Хилс, 1957 | —"— | 2660 | —"— | —"— |
Уилмингтон, 1932 | АКШ, Калифорния | 311 | палеоген-неоген | кумдук |
Хантингтон, 1920 | АКШ, Калифорния | 640 | —"— | —"— |
Шо-Вел-Там, 1955 | АКШ, Оклахома | 580 | —"— | —"— |
Эбано-Пануко, 1901 | Мексика | 492 | бор | акиташ |
Элк-Хилс, 1919 | АКШ, Калифорния | 700 | палеоген-неоген | кумдук |
Т ү ш. А м е р и к а | ||||
Агуа-Гранди, 1951 | Бразилия | 1500 | девон | акиташ |
Бачакеро, 1930 | Венесуэла | 1050 | палеоген-неоген | кумдук |
Тиа-Хуана, 1928 | —"— | 914 | —"— | —"— |
Кабимас, 1917 | —"— | 670 | —"— | —"— |
Лагунильяс, 1926 | —"— | 914 | —"— | —"— |
Лама, 1947 | —"— | 2535 | —"— | —"— |
Ламар, 1958 | —"— | 3960 | —"— | —"— |
Ла-Пас, 1921 | —"— | 2450 | бор | акиташ |
Мене-Гранде, 1914 | —"— | 1260 | палеоген-неоген | кумдук |
Орито, 1963 | Колумбия | 2000 | бор | акиташ |
Санта-Крус, 1944 | Аргентина | 1830 | —"— | —"— |
Чубут, 1907 | —"— | 1830 | —"— | —"— |
Ч. Иманалиев.
Ад.: Геология и геохимия нефти и газа/Под редакциялык Атап Айтканда Бакирова, 3. А. Табасаранского. М., 1982.
3. Бейшеев.