НЕФТИЛҮҮ АЙМАКТАР
НЕФТИЛҮҮ АЙМАКТАР - курамында көп сандаган көмүртектүү органикалык заттар кездешкен чөкмө тектер тараган аймактар. Аянты бир нече миллион клг2ге чейин жетет. Азыркы кезде жер бетинде 350гө жакын Н. а. бар. Булардын ичинен 140 бассейн ө. ж-лык мааниге ээ. Тектоникалык түзүлүштөрү боюнча платформалык (30%), геосинклиналдык (35%), четки ийилүүлүк (15%), океан четтериндеги платформалык (15%) түрлөргө бөлүнөт. Кайнозой заманына 25%, мезозойго 55% , палеозойго 20% запасы туура келет. Өз ичинен нефтилүү, нефть-газдуу облустарга, райондорго, зоналарга бөлүнөт. Дүйнө жүзүндө 28 миңге жакын кени бар (1973). Бардык чалгындалган нефтинин 20% и Сауд Арабиясы (Гавар) менен Кувейтке (Бурган) туура келет. Нефть бардык жерде (Антарктидадан башка) жолугат (к. Таблицасы 580-бетте).