НЕФЕРТИТИ
НЕФЕРТИТИ - Байыркы Египет ханышасы (биздин заманга чейинки 14-к-дын башы), Аменхотеп ГУнүн (Эхнатондун) жубайы, мүмкүн аталаш (энелеш) карындашы. Күйөөсүнүн диний реформаларын
жүргүзүүгө катышкан болушу ыктымал.- Анткени ал реформалардан кийин аты өзгөртүлүп, Нефер-Неферу-Атон («Атон сулууларынын сулуусу») аталган. 1912-ж. Тель-эль-Амарнада скульптор Тутместин өнөрканасын казуу учурунда Н-нин скульптуралык портреттери табылган (Каир жана Берлин мамлекеттик музейлеринде сакталууда). ,
