НЕФЕЛИН
НЕФЕЛИН (фр. nepheline, грекче nephele - булут) - каркастуу силикаттар классына кирүүчү минерал. Химиялык формулары КМа3[А18Ю4]4. Киринди түрдө 81, Са, М£, бир аз Ре, Ве, С1, Н2О, Са кездешет.
Гексагоналъ системасында кристаллданат. Катуулугу 5,5-6. Түссүз, кызгылтым, боз, жашыл сымал. Жегич тоо тектердин курамында кездешет. Айнектей жылтырайт, майланышкансып турат. Кислотада эрип, кремнезём бөлүп чыгарат. Гипергендик шартта гидрослюдага, монтмориллонитке, галлуазитке айланат. Латериттик чөйрөдө гиббситке өтөт. Ири кендери Кола ж. а-нда, Уралда (Ильмен тоосу), Краснояр крайында, Кыргызстанда (Кызыл-Омпол, Сандык, Алай), Гренландияда, Норвегияда, Швецияда жолугат. Н-ден алюминий, сода өндүрүлөт. Айнек жасоодо, жер семирткич катары колдонулат.