НЕПАЛ ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕПАЛ ТИЛИ, непали, гуркхали, кхас­к у р а - непалдыктардын тили. Непалдын рас­мий тили. Непалдын айрым штаттарына, Сиккимге жана Бутанга тараган. Инди-европа тил уясындагы (семьясындагы) тилдердин инди-арий бутагына кирет. Төрт диалекти бар: борбордук, чы­гыш непали, батыш непали, Гималайдагы эл­дин диалекти. Н. т. - аналитикалык-синтездик түзүлүштөгү тил. Лексикасынын негизи санск­риттен чыккан сөздөрдөн куралган. Жазууда де­ванагари, нагари шрифттерин (к. Инди жазуу­су) пайдаланат. Алгачкы жазма эстелиги 1337- жылга таандык. Адабий тили борбордук диалекти­нин негизинде 19-к-дын башынан тартып өнүгүүдө.

Ад.: Королев Н. И. Язык непали. М., 1965.