НЕПАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕПАЛ, Непал Демократиялык Федерация Республикасы­Түштүк Азиядагы мамлекет. Гималай тоосунун борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Түндүгүнөн КЭР, түштүк- батышынан жана чыгышынан Индия менен чекте­шет. Аянты 147,2 миң кл«2. Калкы 30,0 миллион

(2011). Борбору - Катманду ш. Администрациялык-аймактык жак­тан 14 зонага (анчол) жана 75 районго (дистрикт) бөлүнөт. Акча бирдиги - непал рупийи.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2011)

Зоналары

Аянты, мин км2

Калкы, миллион

Администрациялык борборлору

Махакали

6,99

0,98

Махендранагар

Сетхи

12,56

1,58

Дхангадхи

Бхери

10,55

1,72

Непалгандж

Карнали

21,35

0,40

Жумла (Дзумла)

Рапти

10,48

1,48

Тулсипур

Гандаки

12,28

1,56

Покхара

Дхаулагири (Дзавалагири)

8,15

0,55

Баглунг

Лумбини

8,98

2,85

Бутвал

Багмати

9,43

3,85

Катманду

Жанакпур (Дзанакпур)

9,67

2,88

Синдхулимади

Нараяни

8,31

2,99

Хетауда

Коси

9,67

2,33

Дхаран

Мечи

8,2

1,44

Илам

Сагарматха

10,6

2,08

Тажбираж (Радзбирадз)

Н. - БУУнун (1995), ЭВФтин (2004), Эл ара­лык эмгекти уюштуруу уюмунун (1966), Эл аралык саламаттык сактоо уюмунун (1953), ЮНЕСКОнун (1953), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун, Азия өнүктүрүү банкынын негиздөө­чүлөрдүн бири. Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1961) ж. б. мүчөсү.

Мамлекеттик. түзүлүшү. Н. - унитардык мамлекет. Башкаруу формасы - пар­ламенттик республика (2008-жылдан). Мамле­кет башчысы - президент. Мыйзам чыгаруу бий­лигинин жогорку органы - Уюмдаштыруу чогу­лушу. Аткаруу бийлигин премьер-министр баш­таган өкмөт ишке ашырат. Н-да көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги партияла­ры: Н. Коммунисттик партиясы (маочулук), Н. Коммунисттик партиясы (Бириккен марксчы­лар-ленинчилер), Мадхеси Джана Адхикар Фо­рум ж. б. 2008-жылдан президенти - Рам Ва­ран Ядав.

К а л к ы. Непалдыктар этностук жактан эки топко (тибет жана непал) бөлүнөт. Калкы­нын көпчүлүк бөлүгүн непалдыктар (46%), чхет­рилер (12,8%), тоо бахундары (12,7%), магар­лар (7,1%) ж. б. түзөт. Ошондой эле шерптер, тибет­тиктер, гурунгдар ж. б. улут өкүлдөрү да жа­шайт. Расмий тили - непал тили. Калкынын 80,6% и индуизм, калгандары буддизм жана му­сулман динин тутат. Орт. жыштыгы 1 кж2ге 199

Локхару шаарынын жалпы көрүнүшү.

киши (2011). Калкынын жашынын орт. узак­тыгы эркектериники - 64,5 жаш, аялдарыны­кы - 67. Төрөлүүнүн деңгээли жогору (1000 ки­шиге 37,3), өлүм-житим орт. (ЮООге 12,9). Шаар калкы 14%. Ири шаарлары: Катманду, Бират­нагар, Лалитпур, Бхакатпур ж. б.

Т а б и я т ы. Жери тоолуу. Өлкөнүн аймагы­нын 40% тен ашыгы 3000 лгден жогору жайгаш­кан. Дүйнөдөгү эң бийик 8 чокунун 7си Н-да жайгашкан. Түндүгүндө Гималай тоо система­сы жатат. Анда дүйнөдөгү эң бийик чоку - Жо­молунгма (Эверест; бийикт. 8848 м) орун алган. Инд-Ганг ойдуңунда кум-чополуу жерлер жана саздуу тераилер түндүгүндө адырларга алмашат. Алардын түндүк капталдары жасалма

террасалар­дан туруп, иштетилет. Чоң Гималайдан (деңиз деңгээлинен орт. бийикт. 4570 м) түштүктө орто бий­иктиктеги Кичи Гималай орун алып, бир нече тоо тармактарынан турат. Анын негизгиси - Ма­хабхарат (бийикт. 3000 лгге чейин) кырка тоо­су. Чыгышта Гималайдын кыры аркылуу Н-дын Кытай менен чек арасы өтөт. Табиятына бийик­тик алкактуулук мүнөздүү. Климаты тоолуу суб­экватордук муссондук. Түштүгүндө январдын орт. температурасы 15°С, июлдуку 30°Сге чейин. Тоо­лору суук, бийик тоолору дайыма ызгаардуу.

Госаинкунда көлү.

Жайы нымдуу, кышы кургак. Жылдык жаан­чачыны 2000 мм. Дарыялары Гангдын алабына кирет. Ирилери: Кали-Гандаки, Арун, Карнали, Коси ж. б. Түштүгүндө тропиктик токой жана те­раилер (саздашкан жунгли), дайыма жашыл жа­зы жалбырактуу токойлор (магнолия) өсөт. Борбордук бөлүгүндө Катманду өрөөнү жайгашкан. Банан, пальма, кактус, бамбук, акация ж. б. то­койлор өсөт. Бир нече улуттук парктар (Сагар­матха, Читван - Бүткүл дүйнөлүк мурастын тиз­месине кирген, Лангтанг ж. б.) уюштурулган.

Т а р ы х ы. Н-дын азыркы аймагында биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын ортосунда эле уруу бирик­мелери жашаган. Биздин замандын 7-к-нда Н-да Ткакур ди­настиясы негизделип, 13-к-га чейин башкарган. 15-к-да бир нече княздыктар пайда болуп, 18- к-да бир королдукка бириккен. 1814-ж. англ. Ост-Инд компаниясы Н-га согуш жарыялап, 1816-ж. Н. аймагынын бир бөлүгү Англиянын көзөмөлүнө өткөн. 1847-ж. Англия колдогон Джанг Бахадур Рана бийликке келген. 2-дүй­нөлүк согуштан кийин улуттук-боштондук кыймыл күчөп, Рана бийлигине каршы күч­төрдүн биримдик фронту түзүлгөн. 1951-ж. өл­көдөгү революциянын натыйжасында Рананын бий­лиги кулаган. Н-да конституциялык монархия орноп, королдун бийлиги калыбына келтирил­генетикалык 1959-ж. Н-да биринчи парламенттик шай­лоо болуп, жаңы конституция кабыл алын­ган. 1960-ж. король парламент менен өкмөттү тар­катып, өлкөдөгү саясий партияларга тыюу сал­ган. 1962-ж. парламент ордуна улуттук пан­чаяттар (жергиликтүү өзүн өзү башкаруу уюмдары) шай­ланып, өлкөдө орногон абсолюттук бийлик 28 жыл сак­талган. 1990-ж. жаңы конституция кабыл алы­нып, көп партиялуу парламенттик демократия киргизилген. Н-дын королу Бирендра чексиз бий­ликтен баш тартып, партиялардын иштешине макул болгон. 1999-ж. парламенттик шайлоо өткөн. Тышкы саясаты боюнча Н. бейтараптык принципти карманып, бардык өлкөлөр менен достук мамиле түзүүнү көздөйт. 1955-жылдан БУУнун мүчөсү.

НЕПАЛ

Экономикасы. Н. - дүйнөдөгү жакыр мамлекеттердин бири. ИДПнин көлөмү 33,2 млдр АКШ долларын (2009) түзгөн. Аны киши башы­на бөлүштүргөндө 1,2 миң доллардан туура ке­лет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 49, ө. ж-дыкы 16, а. ч-ныкы 35. Экономикасы­нын негизин а. ч. (анда эмгекке жарамдуу кал­ктын 3/4и эмгектенет) түзөт. Кирешенин башкы булагы - туризм (анын ичинде альпинизм). Негизги азы­гы - күрүч. Кустардык жол менен көмүр, темир, жошо (охра), тальк, слюда, се­литра, жез, алтын казы­лып алынат. Жыгач иш­тетүү, кагаз, химия, булга­ары-бут кийим, металлур­гия, текстиль (анын ичинде кыл торко кездемелер токулат), а. ч. продуктуларын кайра иштетүү ишканалары иш­тейт. Дан эгиндери, жүгөрү, картөшкө, жашылча-же­миш, бал камыш, күрүч, жут (негизинен сыртка чыгарылат) ж. б. айдалат. Бодо мал, кой, эчки, чочко асыралып, үй куштары багылат. 2009-ж. 2,9 миллиард кВт-с электр энергиясы

өндүрүлгөн. Автомобиль жолунун уз. 17,3 миң км (2007; анын ичинде 60% и асфальтталган), т. ж-нуку 59 км. Сыртка килем, жуттан токулган буюм­дар, кездеме, күрүч, буудай, май жана булгаары, дары чөптөр, татымалдарды чыгарат. Негизги соода шериктештери: АКШ, Индия (сырткы соодасынын 1/ги), Германия, Улуу Британия, Сингапур, Япония, Кытай ж. б.

Непал акчасы - непал рупийи.

Маданияты. Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону, башталгыч, орто, атайын жана жогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаш­тан жогору калктын сабаттуулугу 65% ти түзөт (2008). Окутуу англис жана непал тилинде жүр­гүзүлөт. ЖОЖдору, китепкана, музейлери бар. Англ. жана хинди тилдеринде «Горкхапатра», «Непали», «Райзинг Непал» ж. б. гезит-журнал чыгат. Радиоуктуруусу (1966-жылдан), теле­көрсөтүүсү (1969-жылдан) иштейт.