НЕОРЕАЛИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕОРЕАЛЙЗМ, көркөм адабиятта модернисттик багыттар менен клерикалдык ум­тулууларга каршы багытталган агым. Бул та­рапта өмүр баяндык учур менен ойдон чыгарыл­ган окуялар айкалышкан «лирикалык доку­мент» деген жанр өзгөчө өрчүгөн. Буга В. Пра­толининин «Магадзини көчөсү», «Үй-бүлө хро­никасы», К. Левинин «Христос Эболиге токто­ду» аттуу чыгармалары мисал. Неореалисттер чындыкты образдуу туюнтууда тилдин жөнө­көйлүгү менен айкындыгына умтулушкан. Өткөн кылымдын 50-жылдарынын ортосунда турмуш­тагы татаал карама-каршылыктардын маңызын ачууда эмпириялык жолго түшүп, Н-дин чекте­лиши байкалган; искусстводо - 20-к-дын 40-50-жылдар ортосунда италян киносу менен ад-нда пайда болгон багыт; антифашисттик жана улуттук демокр. искусство үчүн күрөштө ка­лыптанган. Карапайым адамдын кадыр-баркын сактоону, социалдык адилеттүүлүк идеяларын жактаган. Фильмдерди жаратууда алар негизи­нен документтик фактыларга таянып, көбүнчө адис эмес адамдарды натурадан тарткан. «Рим - ачык шаар» фильми (1945, реж. Р. Росселлини) Н-дин көркөм манифести болгон. Кино искусство­сунун башкы өкүлдөрү - Ч. Дзаваттини, Л. Вис­конти, В. Де Сика, Ж. Де Сантис, П. Жерми; адабият-та - В. Пратолини, К. Леви, Э. Де Филип­по. Н. Италия кинематографиясынын жана башка өлкөлөрдүн прогрессчил киносунун өнүгүшүнө зор таасир тийгизген.