НЕОН ЛАМПАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕОН ЛАМПАСЫ - төмөнкү басымдагы газ разряддуу жарык булагы; мында электр разря­ды кезинде неондуу чөйрөдө оптикалык диапа­зондогу нурлануу пайда болот. Лампага неон­гелий аралашмасы толтурулат. Тутандыргыч чыңалууну төмөндөтүү үчүн газ аралашмасына бир аз аргон кошулуп, катоддун бетине активдүү заттын жука катмары сүйкөлөт. Лампа турук­туу жана өзгөрмө ток менен иштейт; кубаттуулугу 0,01-10 Вт, жарык агымы 0,02-5 лм, жарык берүүчү ток күчү миллиампердин (лА) үлүшүнөн, башкача айтканда 0,1 мАден 0,2 .иАге чейин. Н. л. аэродром маягында, сигнал, кооздук, жарнама жарык­тарында ж. б. түзүлүштөрдө колдонулат.