НЕОЛИТ
НЕОЛЙТ,жаңы таш доору - таш доорунун аягы; биздин заманга чейинки 6-миң жылдыктын аягынан башталып, түрдүү аймактарда ар кандай мезгилде аяктаган. Н. ташты иштетүүнүн жаңы ыкмалары (жылмалоо, бургулоо, тешүү), эмгек куралдарынын жаңы түрлөрү (балта, көзөөч, кетмен, жаргылчак, орок), чоподон жасаган идиштин, токуучулуктун, унаанын ыйгаруучу чарбадан өндүрүүчү чарбага өтүүсү (аңчылыктан мал чарбачылыкка, жыйноочулуктан дыйканчылыкка) менен мүнөздөлөт. Дыйканчылык менен мал чарбачылыгынын пайда болушун окумуштуулар адамзат коомундагы чоң төңкөрүш катары карап, «неолит революциясы» деп аташкан. Бул мезгилде аңчылардан, жыйноочулардан жана балык уулоочулардан алгачкы коомдун мал багуучулары, жер иштетүүчүлөрү бөлүнүп чыгат. Эмгектин жаңы бөлүнүшү байыркы элдердин ортосунда үзгүлтүксүз товар алмашууга шарт түзөт. Н. доорунда социалдык жана эконом. жактан энелик укукка негизделген уруулар калыптанат. Бир уруу кыйла өнүгүп, алдыга озсо, кээ бирлери үчүн өнүгүү өтө узак мезгилди талап кылат. Археол. маалыматтарга таянып, Н. доо-

рундагы урууларга мүнөздүү эмгек, согуш куралдары, кооздуктары, карапа идишке түшүрүлгөн оюулары, турак жайлары, каада-салттары, диний ишенимдери болгондугун далилдөөгө болот. О. Азиядагы Н. дооруна тиешелүү эстеликтерге Жейтун, Жебел, Келтеминар маданияты., Гиссар маданияты ж. б. археол. маданиятар кирет. Кыргызстанда Н. доорундагы таандык обишир жана гиссар маданияттарына кирген Обишир уңкуру, ТашКөмур уңкуру.Ак-Чуңкур уңкуру, Терек, Кочкор-АкЖол, Үч-Чат өңдүү археол. эстеликтер ачылган.