НЕЙТРАЛДОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕЙТРАЛДОО (латынча neuter - ал дагы, тиги да эмес) - кислоталык жана негиздик касиетке ээ бол­гон заттардын ортосунда жүрүүчү химиялык реакция. Мисалы, НС1 + МаОН = ИаС1 + Н2О + 13,75 ккал-, НМО3 + КОН = КМ)3 + Н2О + 13,77 ккал. Күчтүү кислотаны күчтүү -негиз менен Н-дон пайда болгон суунун ар бир молунан 13,8 ккалга жакын жылуулук бөлүнүп чыгат. Ар кандай күчтүү кислоталарды күчтүү негиздер менен Н-до суутек жана гидроксил иондорунан суунун молекуласы пай­да болот, натыйжада баштапкы эки затка мүнөздүү болгон касиеттер (кислоталык жана негиз­дик) жоюлат. Эритменин чөйрөсү нейтралдуу болот. Н. химиялык өндүрүштө жана калдыктарды иш­тетүүдө, лабор. практикада, айрыкча химиялык ана­лизде колдонулат.