НЕЙРОХИРУРГИЯ
НЕЙРОХИРУРГЙЯ — хирургиянын нерв системасынын түрдүү жабыркоосун диагноздоочу жана хирургиялык жол менен дарылоочу тармагы. Н-нын нейроонкология (нерв системасынын шишиктерин), нейротравматология (нерв системасынын травмасын), мээ менен жүлүндүн кан тамырларын хирургиялык жол менен дарылоону, сезгенүү жана ириңдөө процесстерин, анын кесепетин, нерв системасынын тубаса ооруларын ж. б. изилдөөчү тарма.ктары бар. Н. өз алдынча илим катары 20- к-дын башында калыптанган. Азыр мээ шишиги, нерв системасынын сезгенүү оорулары терең изилденип, аларды хирургиялык жол менен дарылоодо чоң ийгиликтер болууда. Н. физика, электроника, кибернетика, радиологиянын жетишкендиктерин колдонуп, мээнин татаал жана терең бөлүктөрүндөгү түрдүү ооруларды операция жолу менен айыктырууга мүмкүндүк ачылды. Кыргызстанда Н-нын өнүгүшүнө академик М. Мамытовдун эмгеги зор.