НЕГРЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕГРЛЕР (фр. nègre, испанча negro, латынча niger - кара, арабча мавр) - экватор элдеринин жалпы аталышы; 1) Тропиктик жана Түштүк Аф­риканын жергиликтүү калкы. Буларга Африкадагы көптөгөн тилдерде сүйлөгөн калктар менен уруу­лар: банту, тур, атлантикалыктар, нилоттор ж. б. кирет. Жалпы саны 230 миллион киши (2004); 2) Америкадагы Н. - 16-19-к-да Африкадан алып келинген, жергиликтүү индейлер менен аралашкан португал, испан, француз, голланд тилдүү түрдүү уруулардын урпактары. Жалпы саны 110 миллион киши (2004). Н-дин көбү Кариб деңизинин ала­бында жайгашкан. Гаитиде, Ямайкада, Гайа­нада, Сурийамда эл катары калыптанган. Баш­ка элдердеги Н. ошол элдин негизги калктары­нын курамына кирген.