НЕГИЗГИ ФОНД БАЛАНСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕГИЗГИ ФОНД БАЛАНСЫ - негизги фонду­нун көлөмү, түзүлүшү, өсүшү акчалай туюнтул­ган нарк көрсөткүч системасы; жыл ичинде колдо болгон негизги фондуларды жана алардын кый­мылын мүнөздөөчү көрсөткүчтөр системасы. Ал негизги фондуларды кайталап өндүрүүнү план­даштыруу, анын эсебин жүргүзүү, жаңыртуу, максатка ылайык пайдалануу, фондулардын кыймылын жана абалын эсепке алуу, талдоо үчүн зарыл. Н. ф. б. фондулардын алгачкы толук наркы түрүндө жана алгачкы касиетин жоготкон­дон салгандан кийинки баасы калдык наркы боюнча түзүлөт.