НЕВРАЛГИЯ
НЕВРАЛГИЯ (нейро... (невро...) жана грекче а1£оз - оору) - четки нерв системасынын оорусу. Мында дененин бир бөлүгү сайгылашып, сыздап же ачышып ооруйт. Ага нервдердин травмасы, омуртка же нервге жакын жайгашкан ткандар менен органдардын жабыркашы, жугуштуу оорулар себеп болот. Н-нын кармашына үшүп калуу, физикалык жана эмоциялык күч келүү да түрткү берет. Үч ача, ийин-моюн жана кабырга арасындагы нервдердин Н-сы көп кездешет. Үч ача нервдин Н-сы айрым оорулардын кабылдоосу же өз алдынча оору катары жолугат. Ал кээде тиш жулганда түбү калып, сезгенгенде, бет травмасында, кулак, мурун көңдөйчөлөрүнө суук тийип, ириңдегенде, тиш, көз сезгенгенде ж. б. пайда болот.
Оору капысынан башталып, бир нече лгиндан бир нече ска созулат. Н. бир аз эле суукка урунса, оозду ачканда, тамак чайнаганда, жөтөлгөндө ж. б. кармап калат. Ийин-моюн Н-сы көбүнчө моюн омурткасына суук тийгенде, бир нерсеге урунганда пайда болот. Кабырга арасынын Н-сы омурткалардан көкүрөктү же курсакты көздөй сайгылашып катуу ооруйт. Оору физикалык күч келгенде, денени кыймылдатканда, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, терең дем алганда күчөйт. Ага грипп, ангина, көкүрөк травмасы, көкүрөк омурткасынын остеохондрозу ж. б. себеп болот. Дарылоодо анын себебин таап, врач витаминдерди, ооруну басандатуучу дары, физиотерапия сунуш кылат. Алдын алууда денени чыңдоонун мааниси чоң.