НЕВАКЕТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕВАКЕТ, Навекат - о. кылымга таандык шаар­лардын бири. Чуй өрөөнүнүн чыгыш тарабын­да жайгашып, Ал-Хорезми (9-к.) боюнча 44° кең­дик, 104° узундуктан орун алган. Тарыхчылар­дын көпчүлүгү (А. Н. Бернштам, Ө. Караев, Т. Д. Жуманалиев, В. Д. Горячева ж. б.) аны азыркы Орловка ш., В. В. Бартолъд ж. б. Жел­Аргы (Жел-Арык), айрымдары Кызыл-Суу кыш­нын аймагы (А. Камышев) деп эсептешет. Жаз­ма маалыматтарда (Согду документтери) бирин­чи жолу 711-ж. эскерилет. 737-ж. Н. түргөш­төрдүн каганы Сулук Чабыш-чор (моюн сунба­ганы үчүн арабдар аны «Абу Музахим» - «Сүзөөнөк» деп аташкан) турган ордо-шаар бол­гон. Улуу Жибек жолунун жээгинде жайгаш­кандыктан, Н. стратегиялык жактан маанилүү шаарлардын бири болуп эсептелген. 748-ж. кы­тай кол башчысы Ван Чжен-сян Тургөш каган­дыгынын борбору Суябды талкалагандан кийин, Н. Батыш түрк (карлук) каганынын ставкасы­на айланган. Археол. казуулардын негизинде Н. ш-нын тургундары 8-10-к-да будда дини менен катар несториан динин кабыл алышканы да­лилденген. Н. шаар калдыгын 20-к-дын 39- 40-ж. археологдор А. Н. Бернштам, 50-60-ж. П. Н. Кожемяко жана Л. Р. Кызласов, 80-90-ж. В. Д. Горячева ж. б. изилдеген. Археол. казуу учурунда түрдүү түстө боёлгон карапа жана айнек идиштин сыныктары, үй-тиричилигине керектүү шаймандар (бычак, кайчы ж. б.), асыл буюм (күмүш билерик, акак таштан жасалган шуру ж. б.), согуш буюмдары (жебе, окчонтой), түр­гөш жана Караханиддер дооруна таандык ты­йындар табылган. Н. ш. болжол менен 13-к-да жа­шоосун токтоткон, бирок шаар калдыгы кййин дагы көрүстөн катары пайдаланылган.