НЕВА САЛГЫЛАШЫ (1242)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕВА САЛГЫЛАШЫ (1242) - 1240-ж. 15-июл­да Нева д-нда орус-швед аскерлеринин ортосун­да болгон салгылаш. Шведдер Балтика деңизин­деги орустардын соодасын көзөмөлдөө үчүн Нева д-нын куйган жерин жана Ладога ш-н басып алуу максатын көздөгөн. Швед королу Эрик Х1нин күйөө баласы Биргер жетектеген швед армия­сына норвегдер менен финндер да кирген. Алар­дын басып киргенин уккан Новгород князы Александр Ярославич Волхов д-н бойлоп, алар­дан мурда Ладогага чыккан. Ага ладогалыктар кошулган. Ал кезде шведдер Ижор д-нын куй­масына жеткен. Тумандан пайдаланган орус аскери күтүлбөгөн жерден швед лагерине сокку уруп, душманды кыйраткан. Салгылаш күүгүм киргенде аяктап, Александр Ярославичтен жа­радар болгон Биргер калган аскерлери менен

че­гинген. Гаврила Олексич, Збыслав Якунович, Яков Полочанин ж. б. жоокерлер өзгөчө эрдик көрсөткөн. Князь Александр Ярославич салгы­лашка кол башчылык кылып, эрдик көрсөткөнү үчүн Невский деп аталган. Н. с. - орус элинин көз карандысыздыгы үчүн баатырдык күрөшүнүн бири.

Невадагы салгылаш.