НЕВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НЕВА — Ленинград обл-ндагы дарыя. Уз. 74 км, алабынын аянты 281 миң км2. Ладога көлүнөн башталып, Балтика деңизиндеги Финн булуңу­на куят. Дельтасындагы аралдарда жана Нева боюндагы оёндо Ленинград ш. жайгашкан. Орт. чыгымы 2530 м21сек. Кээде түштүк-батыш жана ба­тыштан соккон шамалдын натыйжасында Финн булуңундагы жана Н-нын төмөнкү агымындагы суунун деңгээли көтөрүлүп (суунун эң жогорку деңгээли Санкт-Петербургда), 1824-ж. (410 см) жана 1924-ж. (369 см) байкалган, кээде ташкын­ды пайда кылат. Декабрда тоңуп, апрель-май­да муздан арылат. Ак деңиз Балтика жана Вол­га-Балтика суу жолунун бир бөлүгү. Башатын­да Петрокрепость ш. орун алган.