НАХИЧЕВАН АВТОНОМИЯ РЕСПУБЛИКАСЫ
НАХИЧЕВАН АВТОНОМИЯ РЕСПУБЛИКАСЫ Азербайжан Респ-нын курамындагы администрациялык бирдик. 1924-ж. 9-февралда уюшулган. Аянты 5,5 миң клг2. Калкы 400 миң (2009); негизинен азерилер (95,9%), ошондой эле орус, армян, татар ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Шаар калкы 33,2% . Борбору - Нахичеван. Администрациялык-аймактык жактан 6 районго, 4 шаарга жана 4 шаарчага бөлүнөт.
Закавказье тайпак тоосунун түштүк-чыгышында жайгашкан (эң бийик жери 3904 м, Капутжук чокусу). Аймагынын 75% ке жакыны деңиз деңг. 1000 м бийиктикте. Түштүгүндө кенен түздүктөр, чыгышында Зангезур к. тоосу созулуп жатат. Климаты кескин континенттик, кургак. Январдын орт. температурасы -3°Стан -14°Ска (тоолордо) чейин. Жылдык жаан-чачыны 200- 600 мм. Негизги дарыясы - Аракс. Боз топурак басымдуу; тоолорунда тоо-токой жана тоо-шалбаа топурагы мүнөздүү. Шыбак жана шыбак-баялыштуу жарым чөл ээлейт. Тоо-кен (түстүү металлургия, таш көмүр), машина куруу жана металл иштетүү, жеңил (пахта тазалоо, жибек ТҮРҮҮ)> тамак-аш (шарап, минерал сууларын
бөтөлкөгө куюу, консерва), жыгаччылык ө. ж. ишканалары иштейт. Негизги ө. ж. борборлору: Нахичеван, Ильичёвск, Ордубад. Аракс д-на ГЭС курулган. А. ч-нда тамекичилик, жүзүмчүлүк, багбанчылык, жибекчилик жана дыйканчылык өнүккөн. Эт-сүт багытындагы бодо мал, жүн багытындагы кой асыралат. Бадамлы курорту иштейт. Нахичеван Түркмөнчай келишими боюнча 1828-ж. Россияга кошулган. 1923-жылдын февралында Азербайжандын курамында Нахичеван автономия крайы түзүлгөн. 1924-ж. Нахичеван АССРи. 1990-жылдын ноябрынан Нахичеван Автономия Республикасы деген аталыш менен Азербайжан Респ-нын курамында.