НАФТАЛИН
НАФТАЛИН (грекче naphtha — нефть) — ароматтык углеводород, мүнөздүү жыты бар, түссүз жалпак кристалл. Эрүү I 80,3°С, кайноо 1 218°С. Бат бууланат. 50°Сде катуу абалдан бууга өтөт (кургак буулануу), тыгызд. 1,1517 г/см? (15°С). Сууда начар, көпчүлүк органикалык эриткичтерде жакшы эрийт. Н. галогендөө, нитрлөө, сульфирлөө жана гидрлөө реакциясына оңой кирет. Окистенүү реакциясы циклдин биринин ачылышы менен жүрөт. Н. таш көмүр чайырынан жана нефтини пиролиздөөдөн алынган продуктудан бөлүнүп алынат. Фталь ангидридин, тетралин, декалин, нафтолдор, нитронафталин жана азобоёкторду алууда колдонулат.