НАТУРАЛДАШТЫРУУ
НАТУРАЛДАШТЫРУУ (фр. naturaliser) - чет элдик адамдын кандайдыр бир өлкөдө жарандык укук алуусу. Башка бир мамлекеттин аймагында кандайдыр бир мөөнөттөн узагыраак жашаган чет элдик адамга өз арызы боюнча Н-га жол берилет. Кээде зарыл шарт катары мамлекеттин расмий тилин билүү (мисалы Литвада, Эстонияда), өз алдынча жашоо каражаттарынын бардыгы, кынтыксыз жүрүм-туруму дагы ушул сыяктуу талаптар коюлат. Бир катар мамлекеттерде жалпы эрежеден сырткары жеңилдетилген тартип берилген. Бул натуралдаша турган адам алынган мамлекет менен этностук же лингвистикалык байланышта турса колдонулат (мисалы, Бразилияда португал тилинде сүйлөгөн бардык чет өлкөлүктөргө жеңилдетилген Н. пайдаланылат).