НАСТУРЦИЯ
НАСТУРЦИЯ, к а п у ц и н (Тгораео1шп) - өсүмдүктөрдүн настурциялар тукумунун уруусу; бир же көп жылдык, кээде оролуп өсүүчү чөп. Н-нын сабагы ширелүү, бутактуу, башка нерсеге

жармашып өсөт. Жалбырагынын көпчүлүгү калкан сымал тегерек, жазы. Жалбырак сабы узун. Гүлү чоң, жалгыздан жайгашат, кош жыныстуу, өңү сары, кызыл, саргыч кызыл; жыттуу. Мөмөсү бир уруктуу, үч бөлүктөн турат. Н-нын 80дей түрү негизинен Түштүк жана Борбордук Америкада өсөт. КМШ өлкөлөрүндө эки түрү (чоң жана кичине Н.) кооздук үчүн өстүрүлөт. Перу, Боливия жана Чилиде өстүрүлүүчү көггтүрүнүн түймөгү желет. Курт-кумурска аркылуу чандашат. Н-нын чырмала өскөн түрү балкон, дубал ж. б-ды кооздоо үчүн өстүрүлөт. Бир жылдыгы - негизинен гибрид сорттору.