НАСИР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАСИР Искендер уулу (1933-жылы туулган, Кетмен-Төбө өрөөнү, Кызыл-Өзгөрүш айылы) - манасчы. «Манасты» 12 жашынан эле айта баштаган. Ай­туучулук шыгынын жаралышын бардык манас­чылар сыяктуу эле сырткы күчтүн колдоосу, башкача айтканда түш көрүү салты менен байланыштырат. Андан «Манас» эпосунун «Алооке кан», «Манастын туулушу, балачагы», «Кыргыздардын Анжиянга көчүүгө камынганы», «Элдин Ала-Тоого көч­көнү», «Манас Алооке канды жеңгени», «Шоо­рук кандын кыргыздарга кол салышы, ар эл­дин башкаруучуларынын дайындалышы», «Ал­мамбеттин келиши» эпизоддору жазылып алы­нып, КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда сакталып турат.