НАРЫН II АКИ ТАШ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАРЫН II АКИ ТАШ КЕНИ Жалал-Абад обл­нун Аксы р-нунда, Таш-Көмүр ш-нан 5,5 км түн­дүктө, Фергана тоо тизмегинин түштүк этегинде жайгашкан. 1954-ж. геол. чалгындоо жүргүзүл­гөн. Кен аймагын карбондун кумдак, сланец, алевролит, конгломерат жана аки таш тектери түзөт. Аки таш катмарынын калыңдыгы 80 м, өңү агыш боз, бозомтук, массивдүү. СаО - 54,45%, М§О - 0,58%, башка - 42,14% . Эзилбеген кал­дык 1,22%. Суукка чыдамдуулугу 620. Ба­ланстык запасы В+Сг категориясы боюнча 123,5 миң м3. Портланд цементи менен курулуш акисин алууга жарамдуу.