НАРЫН 27

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАРЫН 27 - жаздык арпа сорту. Кыргызстан дый­канчылык ИИИде чыгарылган. Машагынын уз. 8-10 см, 1000 данынын салмагы 45-52 г. Сабагы­нын бийикт. орто, анча жапырылбайт. Вегета­ция мезгили 88-90 күн. Тез өсөт. Кургакчылык­ка байымдуу. Данында белок менен амин кислотасы көп, 15% протеин, 2,95% май, 2,72% күл, 6,44% клетчатка 4,24% кальций, 2,93% фосфор бо­лот. Ош обл. менен Чүй өрөөнүндө кайрак жерге эгилет.