НАРЫН (шаар)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:21, 9 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

НАРЫН - Нарын обл-ндагы шаар (1927-жыл­дан). Облустун жана Нарын р-нунун администрациялык борбо­ру. Ортонку Нарын өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө, Нарын д-нын (аты да ошондон) боюнда, Ала­Мышык жана Нарын кырка тоолорунун түндүк эте­гинде, Бишкек — Торугарт автомобиль жолу­нун жээгинде, деңиз деңгээлинен 2024 м бийиктикте жайгашкан. Аянты 5040 га. Бишкек ш-нан 365 км, Балыкчы т. ж. бекетинен 180 км. Кал­кы 35,0 миң (2010). Ички Теңир-Тоо аймагын­дагы жол тоому.

Шаар жайгашкан аймак тектирлүү, батышка карай жантайыңкы. Шаардын чыгыш жагы дарыянын оң өйүзүнө өтөт. Шаарды түштүктөн Нарын жана Ала-Мышык тоолору курчап турат. Шаардын түндүк тарабы чаптуу келип, дарыянын оң жээгине бийик, тик кемерлүү жар болуп түшөт. Нарын д. кууш өрөөндүн түндүк чети ар­кылуу ошол тик кемерйердин түбүн бойлой шар агат. Шаар суунун деңгээлинен 5-6 м бийик

Нарын дарыясынын жээгинен көрүнүшү.

жаткан тектирде жайгашкан. Өрөөндүн тама­нынын жазылыгы 300-500 ждей, батышка ка­рай бир аз кенийт. Нарын д-нын кууш аска­таштуу нугуна (шаардын чыгыш четинде) 1868-ж. салынган көпүрөнүн батыш жагында­гы чаптуу дөбөлөрдүн этегинен сууну көздөй эңкейиштеп, түндүк-чыгышты карай созулат. Кли­маты континенттик. Январдын орт. температурасы -17,1°С, эң төмөнкү температура -38°С. Июлдун орт. температурасы 17,2°С, эң жогоркусу 37°С. Кышы ызгаардуу, узак, жайы негизинен мелүүн, кур­гак келип, кыска. Жылдык жаан-чачыны 250- 300 мм, анын 71% и апрель-октябрь айларын­да түшөт. Топурагы ачык куба күрөң жана кара коңур. Шыбак-бетегелүү, чий жана эфемер өсүм­дүктүү кургак талаа жана талаа ландшафттуу.

Азыр алар антропогендик ландшафтка айлануу­да. Тоо капталдарында сейрек карагай, алтыга­на, табылгы, төө куйрук, түркүн чөп өсүмдүк­төрү өсөт.

К а л к ы (1939-ж. - 4,5 миң, 1970-ж. - 21,1, 1980-ж. - 32,0, 2000-ж. 40,9, 2010-ж. - 35,0 миң); негизинен кыргыз (88%), ошондой эле орус (6,5%), өзбек (1,2%) уйгур, (0,7%), дуңган (0,6%), украин (0,5%) ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Эмгекке

Шаардын жалпы көрүнүшү.

жарамдуу калктын 85% и негизинен ө. ж-да, курулушта, соода-сатыкта, райондук, обл. дең­гээлдеги кызматтарда, үй кызматында, көмөкчү чарбаларда ж. б. жумуштарда иштейт.

Н. тарыхый маалыматтар боюнча Жети-Суудан Кашкарга (Кытай) кетүүчү соода жолундагы кокондуктардын чеби катары 19-к-дын 30-жыл­дарында негизделген. Чеп 1867-ж. кокондук­тардан бошотулуп, ал жерге казак-орус аскер кошуунунан турган гарнизон жайгаштыры­лып, 1863-ж. аны орус аскерлери басып алган. Кийин кайра кокондуктарга өткөн, 1867-ж. биротоло бошотулуп, 1868-ж. генерал-майор Я. И. Краевскийдин жетекчилиги менен 100 ка­зак-орустан турган гарнизон жайгаштырылып, казарма курулган. Ал гарнизон Бишкек - На­рын - Торугарт соода жолундагы Нарын д-на салынган (1868-ж.) көпүрөнү, Нарын-Тоодогу ашууларды кайтарган. Чептин жанында чакан айыл пайда болуп, анда жашаган татар, өзбек, дуңгандар жергиликтүү кыргыздар менен соода са­тык жүргузгөн. 1903-ж. анда 875 адам (анын ичинде 391 орус, 230 өзбек, 64 кыргыз ж. б.) жашаган. Бул айыл Кашкарга (Кытай) товар жөнөтүүгө ың­гайлуу пункт болгон. Нарын бажыканасы ар­кылуу жылына 5 миңге жакын жүргүнчү өтүп турган. Калкынын бир бөлүгү мал багып, мал чарба продуктуларын (жүн, тери, кийиз ж. б.) Фергана өрөөнүнө кол өнөрчүлүк буюмда­рына ж. б-га алмашып турган. 1913-ж. мында 1500 киши жашаган, 139 соода пункту 300 миң сомдук соода-сатык иштерин жүргүзгөн. Соода­герлерди тейлөөчү 3 кербен сарай, бажыкана, бир нече чайкана болгон. Бут кийим, кийим тигүүчү, шайман оңдоочу 5 кустардык жөнөкөй мастерской иштеген. Чиркөө, мечит, почта, ла­зарет, башталгыч окуу жайы (12 бала окуган) болгон.

Шаарда Совет бийлиги 1918-ж. орногон. 1920-ж. ноябрда ак гвардиячылар козголоң чы­гарган. Козголонду Бишкек, Токмок, Каракол­дон келген отряд менен Түркстан полкунун аскер­лери баскан. Шаар - 1918-жылдан уезддин, 1926-жылдан кантондун, 1939-жылдан облустун борбору.

Н. ш-нын экономикасынын негизин ө. ж., транспорт жана байланыш, курулуш, ком­муналдык турак жай чарбасы, турмуш-тиричи­лик жактан тейлөө кызматы, соода жана коом­дук тамактануу тармактары түзөт. Анда өндү­рүштүк жана социалдык жактан тейлөөчү тар­мактардын көптөгөн мекеме-ишканалары жай­гашкан. Нарын ш-нын ээлеген ордунун деңиз деңгээлинен бийиктиги, климаттык шартынын татаал­дыгы, респ-нын борбору Бишкектен алыстыгы, т. ж. транспортунун жоктугу, шаардын экономикалык жактан өнүгүшүнө терс таасирин тийгизип ке­лет. Н. ш-нын чарба жүргүзүү тармактарында структуралык көп өзгөрүүлөр болуп, менчиктин түрдүү формасындагы ишканалар жана мекеме­лер пайда болду. Шаарда 194 чакан ишкана, 3 кооперация, 20 АК, чет өлкөлүктөр менен бирге уюштурулган 4 орток ишкана жана 1076 жеке ишкерлер бар (2012). Алар ар кандай менчик түрүнө кирет жана ө. ж. өндурүштөрүндө, куру­луш, транспорт жана байланышта, ошондой эле соода­да ж. б. тейлөө тармактарында иш алып барат.

Облустагы өндүрүштүк ишканалардын көбү Н. ш-нда жайгашкан. Шаарда бир нече менчик, 7 чакан, чет өлкөлөр менен ортоктош бир ишкана, обл. ө. ж. өндүрүштүк кооперация бирикмеси жана 50дөн ашык жеке ишкерлер ө. ж. өндүрүшү багытында иш жүргүзөт. Шаардын негизги ө. ж. продукциясын а. ч. сырьёлорун кайра иш­теп чыгаруучу тамак-аш, кондитердик азыктар, минералдуу суулар, алкоголсуз суусундуктар, ун-акшак, пластик терезе, эшик ж. б. берет. Алардан башка жергиликтүү ресурстарды пайдалануу менен иштеген электр энергетика жана алтын ка­зып алуучу ө. ж. тармактары бар. Ушул ишка­налар шаардын ө. ж-нын негизги тармактык структурасын түзөт. Бул тармактар облустун жалпы ө. ж. продукция көлөмүнүн 83,5% тен ашыгын өндүрөт.

Н. ш-нын салыштырмалуу ири ө. ж. ишка­налары: Ат-Башы ГЭСи, «Даназык» МАК, «Сол­тон-Сары» алтын кени, эт комбинаты, «Башат» АК (кийим тигүү фабрикасы). Шаарда өндүрүлгөн ө. ж. продукцияларынын респ-нын экономика­сына кошкон салымы кыйла төмөн. 1996-ж. Н. ш-нын ишканалары респ-да өн-дүрүлгөн электр энергиясынын болгону 1%ин, курама темир-бе­тондун 0,2%ин, кондитер азыктарынын 0,8% ин гана өндүргөн. Н. ш-нын ө. ж. өндүрүшүнүн көбү бир же эки ишканадан турган 9 өндүрүш тарма­гына бөлүнөт. Алар: электр энергетика, алтын казуу, машина куруу, курулуш материалдарын

чыгаруу, токой жана жыгаччылык, жеңил, та­мак-аш, ун тартуу, жем чыгаруу. Электр энер­гетика тармагы Ат-Башы ГЭСи менен электр энер­гиясын таркатуучу мекемеден туруп, Нарын электр тармактар ишканасы бириктирилген. «Кыргызавтосервис» МАК негизинен автомобил­дерди оңдоо, техникалык жактан тейлөө жумуштарын аткарат.

Курулуш материалдар ө. ж. тармагынын не­гизги ишканасы - «Мунара» АК. Андан башка 5 чакан ишкана курулуш материалдарын чыга­рат. Жеңил ө. ж. кол өнөрчүлүктүн негизинде өнүгүп келүүдө. «Башат» АКта тебетей, калпак тигилип, сатыкка чыгарылат. «Улук-Нан», «На­рын сүт комбинаты» МАК жана «Нарын эт ком­бинаты» тамак-аш продуктуларын белендейт. Шаарда 3 чакан ишкана азык-түлүк (нан жана нан азыктары, өсүмдүк майы) чыгарат. Ун-ак­шак жана аралаш тоют даярдоочу ө. ж. тарма­гынын шаардагы ири ишканасы - «Даназык» МАК. Анын облустун ө. ж-ндагы үлүшү: иште­ген адамдардын саны боюнча 3% ти, продукциянын көлөмү боюнча 12%ти түзгөн. Шаарда басмакана, суу түтүктөрүн орнотуу ишканасы иштейт. Шаар «Нарын» эркин экономикалык аймагынын да борбору (1993-жылдан).

Н. шаары облустун негизги жол тоому ката­ры облустун райондорун бирдиктүү эл чарба ком­плексине бириктирип, Кыргызстандын башка аймак­тары, анын ичинде ири ө. ж-луу борборлору менен байла­нышып турат. Анда автомобиль жолунун мааниси зор. Алгачкы автомобиль Нарынга 1937-ж. келген. Автомобиль жолу аркылуу Н. ш. облустун бардык айыл-кыштактары менен байланышат. Эң ири автомобиль жолдору: респ. маанидеги Нарын - Балыкчы, эл аралык маа­нидеги Бишкек - Нарын - Торугарт - Кашкар (Кытай). Балыкчы ш. аркылуу респ-нын борбо­ру Бишкекке (дайыма) жана Каракол ш-на авто­бус (маал-маалы менен) каттайт. Автобустун шаар аралык (Нарын - Ат-Башы, Нарын - Баетов, Нарын - Казарман, Нарын - Жер-Көчкү, На­рын - Казыбек) 5, шаар айланасы (Нарын - Учкун, Нарын - Эмгекчил ж. б.) боюнча 20 марш­руттук каттамы бар. Шаар айланасына жана шаарда жүргүнчүлөрдү автобус, троллейбус, 1994- жылдан таксилер ташыйт. Шаардык автобекет 1968-жылдан иштейт.

Нарынга алгачкы самолёт 1946-ж. келип кон­гон. Ошол жылдан авиация Бишкек - Нарын маршруту боюнча почта, кийинчерээк жүргүнчү ташый баштаган. 1990-ж. чейин аба жолу ар­кылуу Н. респ-нын борбору Бишкек, ошондой эле Ош, Чолпон-Ата, Каракол ш., айрым айыл-кыштак­тар менен байланышып турган. 1954-жылдан «На­рын» аэропорту иштейт.

Электр телефон жана телеграф (телекоммуни­кация) байланыштары шаарда 1936-ж. почта­телеграф конторасына алгачкы Бленкер (МБ) коммутатору орнотулгандан кийин иштей баш­таган.

Учурда шаарда 4 АТС (абоненттик номери 6100) иштеп, мекеме-ишканаларга, 1390 менчик үй­лөргө 4825 телефон аппараты орнотулган; 46 телефакс иштейт. Нарын электр тармагы 1971-ж. негизделген. Ал негизинен шаарды электр энергиясы менен камсыз кылат. Чыңалуу­су 10/04 кВ трансформатордук подстанциялар­ды оңдойт, ишке киргизет. Уз. 114,0 км (чыңа­луусу 10 кВ), 124,0 км (0,4 кВ) электр линияла­рын, 275 трансформатордук подстанцияны ж. б. тейлейт.

Суу түтүгүнүн уз. 101,5 км. Суу тазалоочу ку­рулмасы суткасына 2,0 миң л3 булганыч сууну тазалайт. Жылуулук берүү тармагынын уз. 10,9 км. От жагуу мезгилинде 20 миң Гкал жы­луулук берет. Шаарда 100 орундуу мончо, кир ЖУУЧУ жай (кабыл алуу пункту менен), 2 мейман­кана бар. ЗОга жакын чекене соода ишканала­ры 1438 га жерге жайгашкан. 2010/11-окуу жы­лында шаарда орто билим берүүчү 10 мектеп иш­теп, анда 7 891 окуучу окуган. Жети бала бак­чада 1263 бала тарбияланууда. 1993-жылдан мектеп-лицей (350 окуучу), 10 китепкана, музыкалык мектеп, 1994-жылдан кыргыз-түрк лицей мек­теби (234 окуучу) иштейт. Нарын мамлекеттик университетети (1996-ж. ачылган), медициналык окуу жайы, 2 клуб, му­зей бар. Борборлоштурган оорукана (75 орун­дуу, 4 бөлүмү, лабор-сы, физиодарылоо, тез жар­дам кызматы менен), шаардык, обл. поликлиника, диспансер (обл. жана балдар ооруканалары, кур­гак учук диспансери ж. б.), стоматол. поликли­ника, санитария-эпидемиол. көзөмөлдөө борбо­ру, 4 үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт. Шаар калкына 4 телеберүү программасы (коомдук Рос­сия телекөрсөтүүлөрү, «Вести», Кыргыз теле­көрсөтүүлөрү, «Пирамида») көрсөтүлөт. Жергиликтүү «Нарын-ТВ», «Аян» эркин телестудиялары иш­теп, шаар калкына (ошондой эле облуска да) жума.сы­на бир жолу телеберүүлөрдү көрсөтөт. Аянты 33 ганы түзгөн 4 сейил бак («Жеңиш», «Алма­бак», «Нарын шаарынын 70 жылдыгы», «Бор­бордук») уюштурулган. Шаардын композиция­лык чордонун В. И. Ленин атындагы борбордук аянт түзүп, анда музыкалык драма театры жана маданият үйү жайгаш-

Искусство галереясы.

кан. Шаардын экономикалык багытын турукташтыруу үчүн инвестициялоо колго алынып, туристтер­ди тартуу максатында 300 орундуу «Корона» ре­стораны менен көп тармактуу «Дордой-Плаза» со­ода комплекси жана сүрөт галереясы ишке кир­гизилген. Н-да обл. «Теңир-Тоо» жана райондук «Жибек Жолу» гезиттери чыгат.