НАРЫМБАЕВ
НАРЫМБАЕВ Данияр Ильич (15. 6. 1959-жылы туулган, Фрунзе) - мамлекеттик ишмер. 1983-ж. КМУну бүтүргөн. Нарын шаардык спорт комитетинде жумушчу, ИИМде инспектор (1983-86), секретариатында улук референт (1986-88), Фрунзе шаардык 1-май р-ндук ички иштер бөлүмүндө тергөөчү (1988-89), Кыргыз ССР Министрлер Советинин иш башкармалыгында жетектөөчү адис, референт (1989-91), КРдин

Президентинин аппаратында референт, бөлүм башчынын милдетин аткаруучу (1991-92), КР Президентинин администрациясында бөлүм башчы (1992-94), КР Жогорку Арбитраж сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу (1994-95), төрагасы (1995-2002), КРдин юстиция министри (2000), КР Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү (2005-06), КРдин Конституциялык кеңешинин мүчөсү, ошондой эле учурда секретариаттын жетекчиси (2010), КР Өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басары - КР Өкмөтүнүн Жогорку
Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү (2010-11), КР Президентинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү - КР Президентинин кеңешчиси (2011-12), КР Президентинин аппарат жетекчисинин орун басары (2012, сентябрьоктябрь), 2012-жылдан аппарат жетекчиси. Жогорку квалификациялык класстагы судья (1995), мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси (2002).