НАРИСТЕ
НАРИСТЕ — 4 жумадан 3 жашка чейинки бала. Бул мезгил 1 жашка чейинки же эмчектеги бала жана 3 жашка чейинки бала болуп шарттуу бөлүнөт. Эркек жана кыз бала 1 жашка чейин бирдей өсөт. Алардын териси назик келип, оной жараланат, ошондуктан таза күтүү зарыл. Бала 1 жаштан өткөндө 12 сүт тиши, экиге толгондо 20 тиши чыгат. 2-3 жашка чыкканда дем алуу органдары жана жүрөк-кан тамыр системасы, нерв-психикалык абалы жана кыймылы да андан ары өрчүйт. 1 жаштан баштап, бала өзү отуруп-турат, басууга аракеттенет, көп сөздү түшүнөт. Бир жарым жаштан тартып, басканы тыңып, чуркагысы келет, кашыкты кармап тамакты өзү ичүүгө аракеттенет. Н. баланын ичеги-карыны жакшы даярдалган тамакты гана сиңире алат. Тамак менен түшкөн оору козгогуч микробдорду жок кыла албайт. Н. баланын организми белок, май, углеводдор, витаминдер менен жетиштүү камсыз болууга тийиш. Баланы дайыма бир мезгилде тамактандыруу оң, бул шарттуу рефлексти пайда кылат. Бир жарым жаштан тартып, 4 маал тамактандыруу керек, беймаал тамактандыруу анын табитин начарлатат. Н-нин режими баланын жашына, жеке өзгөчөлүгүнө ылайык түзүлүп, баланы бир убакта уктатып көндүрүү зарыл. Бала айлана-чөйрөнүн терс таасирине чыдамдуу болушу үчүн анын денесин чыңдоо керек. Денеси чың бала түрдүү зыяндуу таасирлерге туруктуу келип, жугуштуу оорулар менен аз ооруйт.