НАРЕКАЦИ
НАРЕКАЦЙ Григор (951, Васпуракан, Ван обл. - 1003, ошол эле жер) - о. кылымдагы армян акыны. Кичинекей кезинен Нарек монастырында тарбияланган. Н. - диний гимндерди жана ырларды жазган. «Аза китеби» - анын өмүрүнүн акырында жазган жана ага о. кылымдарда атакдаңк алып келген негизги чыгармасы. «Бул китеп менин деним деп бил, бул сөз менин жаным деп бил» деген саптарын Ч, Айтматов «Кылым карытар бир күн» романына эпиграф катары пайдаланган.
Чыг.: Григор Нарекаци. Книга скорбных песнопений // Средневековая армянская поэзия. М., 1981; Книга скорбных песнопений, М., 1988.
Ад.; Аверинцев С. С. Роскошь узора и глубины сердца: поэзия Григора Нарекаци // Книга скорбных песнопений. М., 1988.