НАРБОТО БИЙ (1751-98)
НАРБОТО БИЙ (1751-98) - Кокон ханы (1770- 98). Абд-ар-Керим бийдин небереси, Абд-ар-Рахман бийдин уулу. Кокон бийлигине чейин Исфара ш-нын беги болгон. Н. б-дин тушунда Кокон экономикалык жана саясий жактан күч алган. Хива жана Бухара хандыгы Коконду өз алдынча мамлекет катары таанып, аны менен мамиле түзгөн, к. Кокон хандыгы, Миң династиясы.