НАРАЙ
НАРАЙ - Ош обл-нун Ноокат р-нундагы кыштак. Он Эки-Бел айыл аймагына караштуу. Деңиз деңг. 1100 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат ш-нан 25 км батыш тарапта. Кызыл-Кыя т. ж. бекетинен 26 км. Кыштак 1926-ж. пайда болгон. Калкы 1194 (2011); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Мектеп, китепкана, ФАП бар.